Федерация органического движения "BIO-KG"

Развитие органического сельского хозяйства в Кыргызской Республике

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМУ

2019-жылдын 2-августу № 398

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө

Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган натыйжалуу чараларды көрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргызская Республика сыкмөтүнө караштуу Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча координациялы кеңеш (мындан ары — Координациялык кеңеш)  1-тиркемеге  ылайык курамда түзүлсүн.

2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М. Абылгазиев

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин
КУРАМЫ

Боронов Кубатбек АйылчиевичКыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы;
Чодуев Эркинбек УрайымовичКыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Мукашев Азамат ФеликсовичКыргыз Республикасынын Премьер-министринин агроөнөр жай комплекси жана экология маселелери боюнча кеңешчиси, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин курамы:
Адилбек уулу ШумкарбекКыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору;
Исаков Эсенгул БайдалиевичКыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси;
Жээналиев Алмаз ЖээналиевичКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы;
Алишеров Эльдар ТуралиевичКыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Бакирова Жанаркан ТоконовнаКыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинин директору, Координациялык кеңештин катчысы;
Чуйков Николай АлексеевичКыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Чукумбаев Сабырбек ЖолочиевичКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин «Кыргызтокойаңчылыкжайгаштыруу» мамлекеттик мекемесинин директору;
Чолпонкулов Таалайбек АскарбековичКыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору;
Чортонбаев Тыргоот ЖумадиевичК.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин проректору;
Рахманова Динара КурманбековнаКыргыз Республикасындагы БУУнун Азык түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлүнүн орун басары (макулдашуу боюнча);
Айдаралиев Искендербек Рысбекович«Био-Кейджи» органикалык кыймыл федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кожобергенова Гульмира Аскарбековна«Тамактанууну жакшыртуу жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн жарандык альянс» (коомдук бирикмесинин) аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Сейиткасымов Санжар РыскулбековичКыргызстандагы кооперативдер бирлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кудайбердиева Гулзада Алмамбетовна«Био-Сервис» коомдук фондунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Казылаева Кайыркул Муканмедиевна«Agroway» компаниянын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Канназаров Нурбек Домонович«Био-Фермер» айыл чарба кооперативинин төрагасы (макулдашуу боюнча).

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/14937/10?cl=ky-kg&mode=tekst