Федерация органического движения "BIO-KG"

Развитие органического сельского хозяйства в Кыргызской Республике

2017-2022 жылдарга карата Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 2-августу № 459

2017-2022 жылдарга карата Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

— 2017-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясы (мындан ары — Концепция) 1-тиркемеге ылайык;

— Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары — Иш-чаралардын планы) 2-тиркемеге ылайык.

2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор:

— Иш-чаралардын планын өз учурунда жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыздашсын;

— ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбей Иш-чаралардын планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Иш-чаралардын планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министрС.Ш.Жээнбеков

2-тиркеме

2017-2022 жылдарга карата Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
:

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/100185/10?cl=ky-kg&mode=tekst

Кыскартуулардын тизмеси

АЧТММКыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
БИМКыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ВетфитосанинспекцияКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
Токой агенттигиКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
КУАУК.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
ССМКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
УИАКыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы