Тоолуу агроэкосистемаларда азыктанууну жакшыртуу долбоорунун “Айылдык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн Потенциалын өстүрүү Планын” аткаруу багытында Био-KG органикалык кыймыл Федерациясы тарабынан жүргүзүлгөн иштер жөнүндө билдирүү.
Долбоор тарабынан бекитилген планга ылайык “Айылдык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн Потенциалын өнүктүрүү” багытындагы чакан долбоорго катышуу тууралуу Био-KG органикалык кыймыл Федерациясы социалдык түйүндөр аркылуу жарнама-кулактандырууларды жарыялап, бул долбоорго катышууга кызыкдар тараптар менен кеӊеш берүү, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошол эле мезгилде кызыкдар тараптар менен мындан ары тыгыз кызматташуу, алардын туруктуулугу, жерине барып окутуу иш чараларын өткөрүү, уюштуруу маселелерине да анализ жасалды. Натыйжада Федерация кызматташып жаткан органикалык аймактарда атайын топторду уюштуруп, аларды окутуп-даярдап, лидерин айылдык кызмат көрсөтүүчү катары потенциалын өстүрүү маселесине токтолдук. Бул бизге жеринде уюштуруу иштерин активдүү жүргүзүүгө, туруктуу топторду түзүүгө мүмкүндүк берди. Анын үстүнө органикалык аймактарда иштеп жаткан жамааттардын иш багыты жарыяланган чакан долбоордун талаптарына төп келип, ишти айкалыштырып жүргүзүү 2 тарапка теӊ жемиштүү болуп эсептелет. Мына ушунун натыйжасында учурда төмөндөгү 13 айылдык кызмат көрсөтүү тобу тандалып алынды.
№ | Жайгашкан жери | Топтун аталышы | Топтун лидери |
1 | Талас областынын Талас районундагы Көпүрө-Базар айылы | “Ак кайыӊ – Ата мурасым” жамааты | Бекишова Райла |
2 | Талас областынын Талас районундагы Көпүрө-Базар айылы | “Мол түшүм” жамааты | Жаманкулова Оторбү |
3 | Талас областынын Талас районундагы Талды-Булак айылы | “Биздин айыл органикалык аймак” жамааты | Иманалиева Асыл |
4 | Талас областынын Талас районундагы Ак-Коргон айылы | “Ак-Коргон” жамааты | Такеев Усейин |
5 | Нарын областынын Нарын районундагы Дөбөлү айылы | “Береке-Дөбөлү” жамааты | Турганбаев Калыс |
6 | Нарын областынын Нарын районундагы Таш-Башат айылы | “Биримдик Таш-Башат” жамааты | Тагаев Эдилбек |
7 | Ысык-Көл областынын Тоӊ районундагы Бөкөнбаев айылы | Күн-Чыгыш органикалык аймагы жамааты | Шаршеев Мырзабек |
8 | Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылы | Ак-Суу органик жамааты | Рысмендеева Айнагүл |
9 | Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылы | Теплоключенка органикалык аймагы жамааты | Апиев Улукбек |
10 | Ысык-Көл областынын Түп районундагы Арал айылы | Арал органикалык аймагы жамааты | Турдубеков Тилек |
11 | Ысык-Көл областынын Түп районундагы Миӊ-Булак айылы | Миӊ-Булак органик жамааты | Жигитеков Азамат |
12 | Чүй областынын Сокулук районундагы Жаӊы-Жер айылы | “Дан-Жер” жамааты | Назарматова Астра |
13 | Чүй областынын Сокулук районундагы 20-хутор айылы | “Кожо” жамааты | Алиева Гулбарчын |
Июль-август айларында тандалып алынган жамааттардын ичинен Талас (http://tiny.cc/vgn8b) жана Нарын (http://tiny.cc/3in8b) областындагы 6 жамааттын өкүлдөрү менен жеринде жолугушуулар уюштурулуп, долбоордун максаты, аткарылуучу иш кадамдар, жамаат үчүн керектүү чакан долбоорду сунуштоо, аларды кызыктырган окуулар тууралуу кеӊири маектешүүлөр өткөрүлдү. (сүрөттөр тиркелет)
Сентябрь айында Ысык-Көл жана Чүй областындагы жамааттар менен баштапкы иш-чаралар өткөрүлүп, долбоордун алкагында аткарылуучу иш-чаралар, тоолуу аймактарда азыктанууну жакшыртуу багытындагы ийгиликтүү тажрыйбалар жана көп түрдүүлүктү уюштуруу темаларында баяндамалар угулуп, аларды кызыктырган суроолорго жооптор берилди.
2019-жылдын 14-15-16-октябрь күндөрү уюшулган айылдык кызмат көрсөтүү топторунун лидерлери менен Бишкек шаарында Био-KG органикалык кыймыл Федерациясынын жыйындар залында «Потенциалды өнүктүрүү Программасы” боюнча 3 күндүк окутуу иш-чарасы өткөрүлдү. Ага 13 лидердин ичинен 11 лидери катышты. Окутуунун жүрүшүндө тренерлер тарабынан “Тамактанууга байланышка көйгөйлөрдү аныктоо” жана “Тоолуу агроэкосистемаларда азыктануу долбоору”, 2017-2020-жылдарга карата кабыл алынган “Азык-тулук коопсуздугу жана тамактануу Программасы” тууралуу презентациялар жасалып, талкуулар уюштурулду. Ошондой эле Презентация жасоонун жакшы эрежелери жана Окутуунун интерактивдүү ыкмалары тааныштырылып, топтук иштерде катышуучулар презентацияларын даярдашып, баяндама жасашты. Топтук иштерди кызыктуу алып баруу боюнча практикалык оюндар, көрсөтмөлүү сунуштар талкууланды. Мындан тышкары окутуу иштери жер-жерлерде вебинар түрүндө өткөрүү макулдашылып, вебинарга катталуу жана катышуу ыкмалары үйрөтүлдү. Мындан тышкары тренер А. Алымкулов тарабынан МААН плантформасы тууралуу кеӊири баяндама берилип, ага катталуунун жол-жоболору практикалык негизде көрсөтүлдү. Катышуучулардын баары МААН платформасына катталды. Ошондой эле окутуу иштери жер-жерлерде вебинар түрүндө өткөрүү макулдашылып, вебинарга катталуу жана катышуу ыкмалары үйрөтүлдү. Сунуш катары эске алуучу жагдай, МААН платформасына жаны мүчѳнү регистрация кылуу жана платформада жаны киргизилген жанылыктарды окуу абдан татаал.
Окутуу иш-чарасынын жүрүшүндө айылдык кызмат көрсөтүү топторунун лидерлерине “Эко Мейд” компаниясынын чарбасына саякат уюштурулуп, катышуучулар аталган чарбанын базасында органикалык айыл чарбасын уюштуруу, көп түрдүүлүктү камсыз кылуу, азык түлүк үчүн жашылча-жемишти колдонуу иштери менен жеринде таанышып, мастер-класска күбө болушту. Белгилей кетүүчү жагдай, аталган уюм чакан фермердик чарбадан таза продукцияларды сунуштаган эки дүкѳн ачууга жетишишкен. Тамактанууга байланышкан маселелер талкууланып, катышуучуларга кеңири маалыматтар жеткирилди.
25-26-27-октябрь күндөрү Бишкек шаарында уюштурулган органикалык жана нукура азыктардын көргөзмө-жарманкесине айылдык кызмат көрсөтүү топторунун өкүлдөрү органикалык аймактардын курамы менен катышып, өздөрүнүн өндүргөн продукцияларын чыгарышты. Андан сырткары Жалал-Абад жана Ош облустарынан айылдык кызмат көрсөтүү топторунун өкүлдөрү катышышып, ѳз жетишкендиктери тууралуу, микроинтервенциялардын кластердик практикалары тууралуу чакырылган парламенттин жана ѳкмѳттүн ѳкүлдѳрүнѳ, эл аралык уюмдарга кенири маалымат беришип, ѳз продукцияларын сатууга чыгара алышты. https://bit.ly/2NBmabT https://bit.ly/2CAtzSz
26-октябрда айылдык кызмат көрсөтүү топторунун лидерлери үчүн тренер А. Алымкулов тарабынан IFOAM International Organics демилге кѳтѳргѳн #HonestFood платформасынын өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы тууралуу презентация жасалды. Презентацияда платформа сунуштаган даяр кыска маалыматтарды кандай колдонуу, платформанын инструменттерин пайдалануу тушундурулду.
Айылдык Кызмат Көрсөтүүчүлөр топтору тарабынан «Тоолуу Агро-экосистемаларда азыктанууну жакшыртуу» долбоорунун алкагында айылдарда туура тамактанууну уюштуруу жана жайылтуу багытында төмөндөгү сунуш-идеялар берилди.
№ | Аталышы | Долбоордун идеясы |
1 | “Ак кайыӊ – Ата мурасым” жамааты | Инкубатордо балапан чыгаруу менен тоок өстүрүүнү айылга жайылтуу |
2 | “Мол түшүм” жамааты | Теплицада жашылча өстүрүүнү үйрөнүү жана жайылтуу |
3 | “Биздин айыл органикалык аймак” жамааты | Инкубатордо балапан чыгаруу менен тоок өстүрүүнү айылга жайылтуу |
4 | “Ак-Коргон” жамааты | Көп тукум берүүчү “Роман” породасындагы койду асыроо жана аны жайылтуу |
5 | “Береке-Дөбөлү” жамааты | Үй шартында сут азыктарын кайрадан иштетүү |
6 | “Биримдик Таш-Башат” жамааты | Үй шартында сут азыктарын кайрадан иштетүү |
7 | Күн-Чыгыш органикалык аймагы жамааты | Чакан жабдууларда жемиштердин кагын кургатууну уюштуруу |
8 | Ак-Суу органик жамааты | Чакан жабдууларда жемиштердин кагын, дары чөптөрдү кургатууну уюштуруу |
9 | Теплоключенка органикалык аймагы жамааты | Жашылча-жемиштерди кайра иштетүү жана варенье чыгаруу |
10 | Арал органикалык аймагы жамааты | Суу жетпеген айдоо жерлерде тамчылатып сугаруу системасын орнотуу менен бак өсүмдүктөрүн өстүрүүнү жайылтуу |
11 | Миӊ-Булак органик жамааты | Үй шартында сут азыктарын кайрадан иштетүү |
12 | “Дан-Жер” жамааты | Теплицада жашылча өстүрүү менен жыл бою жашылча өсүмдүктөрү менен үй-бүлөнү камсыздоо |
13 | “Кожо” жамааты | Органикалык ыкма менен чакан парникте жашылчалардын көчөттөрүн өстүрүү |