"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө МЫЙЗАМ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 18-майы № 65

Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө

2019-жылдын 10-апрелиндеКыргыз РеспубликасынынЖогорку Кеңеши тарабынанкабыл алынган

Ушул Мыйзам органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн, аны сертификаттоонун укуктук негиздерин аныктайт, сертификаттоочу органдардын, органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн, жеке жана юридикалык жактардын, органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле калктын органикалык айыл чарба продукциясына болгон керектөөлөрүн канааттандыруу жана анын экспортун көбөйтүү максатында органикалык айыл чарба продукциясынын ички рыногун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.

1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:

1) органикалык айыл чарба өндүрүшү – ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү, сактоо жана кайра иштетүү боюнча иш;

2) органикалык айыл чарба продукциясы – ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык агрохимикаттарды, пестициддерди, антибиотиктерди, гормондук препараттарды, гендик-модификацияланган (гендик-инженердик, трансгендик) организмдерди пайдаланбастан өндүрүлгөн, иондоочу нурланууну пайдалануу менен тазалоого дуушар болбогон айыл чарба продукциясы;

3) органикалык тамак-аш азыктары – ушул Мыйзамга ылайык өндүрүлгөн, курамында органикалык тамак-аш ингредиенттерин бардык ингредиенттердин (аш тузун жана сууну кошпогондо) массасынын 95 пайызынан кем эмес камтыган тамак-аш азыктары;

4) тоюттар (тоют азыктары) – адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугуна зыяндуу таасир келтирбеген жана жаныбарларды тоюттандыруу үчүн арналган өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан, минералдык микробиологиялык заттардан алынуучу накта азыктар;

5) тамак-аш ингредиенти – тамак-аш продукциясын жасоодо (өндүрүүдө) рецептке ылайык пайдаланылуучу жана анын курамдык бөлүгү болгон тамак-аш азыгы же зат (анын ичинде, тамак-аш кошулмалары жана ароматташтыруучулар);

6) салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбасын жүргүзүүгө өтүүчү мезгил – органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүгө өтүү үчүн зарыл убакыттын белгилүү бир аралыгы;

7) гендик-модификацияланган (гендик-инженердик, трансгендик) организмдер (мындан ары – ГМО) – гендик инженериянын ыкмаларын колдонуу менен алынган жана (же) гендик-инженердик материалды, анын ичинде гендерди, алардын фрагменттерин же гендердин комбинацияларын камтыган, табигый организмдерден айырмалуу тукумдук генетикалык материалды жаратууга же өткөрүп берүүгө жөндөмдүү организм же бир нече организмдер, ар кандай клеткасыз, бир клеткалуу же көп клеткалуу түзүлүштөр;

8) ГМОдон өндүрүлгөн азык – толугу менен же жарым-жартылай ГМОдон иштелип чыккан бардык азыктар;

9) ГМОнун жардамы менен өндүрүлгөн азык – өндүрүш процессинде акыркы тирүү организм катары ГМОну колдонуу жолу менен алынган, бирок гендик-модификацияланган организмдерди камтыбаган жана мындай организмдерден турбаган бардык азыктар;

10) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчү – ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык, органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчү жеке же юридикалык жак;

11) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүнү мамлекеттик каттоо – аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүнү каттоо;

12) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестри – органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн тизмеги;

13) органикалык айыл чарба өндүрүшү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган жана өз компетенциясынын чегинде органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн процесстерин жөнгө салуу боюнча ишти жүргүзүүчү мамлекеттик орган;

14) органикалык айыл чарба продукциясын сертификаттоочу орган – сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзгөн юридикалык жак;

15) органикалык айыл чарба продукциясын сертификаттоо – органикалык айыл чарба продукциясына коюлуучу талаптарга азыктын ылайыктуулугун ырастоочу жол-жобо;

16) салттуу айыл чарба өндүрүшү – органикалык жана органикалык эмес айыл чарба продукциясына бөлбөстөн, айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча иш;

17) аквакультура – сууда жашоочу организмдерди табигый жана жасалма көлмөлөрдө көбөйтүү жана өстүрүү.

2-берене. Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна негизделет, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

3-берене. Органикалык айыл чарба өндүрүшү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы

Органикалык айыл чарба өндүрүшү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган өз компетенциясынын чегинде:

1) органикалык айыл чарба өндүрүшү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгат жана алардын аткарылышын уюштурат;

2) органикалык айыл чарба продукциясын таңгактоо, маркалоо, сертификаттоо, импорттоо, экспорттоо жана сатуу эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;

3) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн, ошондой эле органикалык айыл чарба продукциясынын реестрлерин жүргүзөт;

4) өз компетенциясынын чегинде ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат;

5) ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

4-берене. Органикалык айыл чарба продукциясынын түрлөрү

1. Ушул Мыйзам менен органикалык айыл чарба продукциясынын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:

1) жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу айыл чарба продукциясы;

2) тамак-аш азыктары же тоют катары керектөө үчүн арналган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мал чарбасынын, аквакультуранын баштапкы кайра иштетилген азыктары;

3) тоюттар (тоют азыктары);

4) тигилүүчү жана себилүүчү өсүмдүк материалы;

5) тамак-аш азыктары же тоют катары пайдаланылуучу ачыткылар;

6) аквакультуранын объекттери.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө саналган органикалык продукциянын түрлөрү ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарга жооп бериши керек.

5-берене. Айыл чарбасын органикалык жүргүзүүгө өтүүнүн шарттары

1. Салттуу айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык айыл чарбасын жүргүзүүгө өтүүнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Айыл чарбасын органикалык жүргүзүүгө өтүүдө төмөнкү шарттар сакталууга тийиш:

1) өткөөл мезгил ичинде органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде, стандарттарында жана ченемдеринде, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген тартипте белгиленген бардык эрежелер колдонулат;

2) органикалык айыл чарба өндүрүшүн жарым-жартылай жүргүзүүдө жана органикалык айыл чарба өндүрүшүнө жарым-жартылай өтүү абалында, органикалык өндүрүлгөн продукцияны жана өткөөл мезгилде өндүрүлгөн продукцияны сактоо, ошондой эле жаныбарларды кармоо бөлөк-бөлөк жүзөгө ашырылууга тийиш;

3) өткөөл мезгилде өндүрүлгөн продукция, статусун тастыктаган сертификатка ылайык, тийиштүү өткөөл мезгилдин продукциясы катары сатылат жана маркаланат.

6-берене. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүгө карата талаптар

1. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүдө өндүрүүчүлөр төмөнкү шарттарды сакташы керек:

1) оорубаган жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү гана пайдалануу;

2) агрохимикаттарды, пестициддерди, антибиотиктерди, гормондук препараттарды колдонбостон өндүрүштү жүзөгө ашыруу;

3) ГМОну колдонууну жана ГМО же ГМОнун жардамы менен даярдалган продукцияны жокко чыгаруу;

4) гидропондук өндүрүштүн ыкмаларын колдонууну жокко чыгаруу;

5) органикалык тамак-аш азыктарында же тоюттарында пайдаланылуучу органикалык тамак-аш азыктарын, тоюттарын же чийки затын тазалоо үчүн иондоштуруучу нурланууну колдонууга тыюу салуу;

6) химиялык синтезделген кошулмаларды пайдаланууга тыюу салуу;

7) жердин күрдүүлүгүн сактоо жана кармоо;

8) кайра жаралбоочу жаратылыш ресурстарын жана өндүрүш каражаттарын пайдаланууну минималдаштыруу;

9) дыйканчылыкта жана мал чарбачылыгында өндүрүш каражаты катары органикалык өндүрүштүн шартында алынган өсүмдүктөн жана жаныбардан чыккан калдыктарды жана кошумча азыктарды экинчи ирет пайдалануу;

10) органикалык айыл чарба өндүрүшүндө экологиялык балансты сактоо;

11) биотехнологияларды (өсүмдүктөрдүн зыянкечтерге жана ооруларга туруктуу сортторун пайдалануу менен), күрөшүүнүн биологиялык каражаттарын (энтомофагдарды, биопрепараттарды), ошондой эле талаптагыдай уюштурулган которуштуруп айдоону пайдалануу менен өсүмдүктөрдү коргоо;

12) айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден коргоонун механикалык жана физикалык ыкмаларын колдонуу;

13) жаныбарлардын организминин табигый иммундук корголушуна түрткү берүү жолу менен, ошондой эле тиешелүү тукумдарды жана жаныбарларды багуу ыкмаларын тандоо жолу менен жаныбарлардын ден соолугун сактоо;

14) жаныбарлардын тукумун жергиликтүү шарттарга көнүү мүмкүндүгүн жана даражасын, жашоо жөндөмдүүлүгүн, ооруларга туруктуулугун эске алуу менен тандоо;

15) жаныбарлардан алынуучу органикалык продукцияны органикалык өндүрүштүн талаптарына ылайык келген шарттарда багылган жаныбарлардан өндүрүү;

16) мал чарбачылыгында органикалык айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүнүн натыйжасында алынган айыл чарба ингредиенттеринен, ошондой эле айыл чарба тектүү эмес табигый заттардан турган тоюттарды колдонуу;

17) табигый суу экологиялык системаларынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, аквакультура продукциясын өндүрүүдө суу жана жер бетиндеги табигый экологиялык системалардын тиешелүү абалын камсыз кылуу;

18) аба жана суу аркылуу булгануудан сактоо үчүн буфердик зонаны түзүү.

2. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүдө кошулмаларды чектелген колдонууга жол берилет, эгерде алар төмөнкүлөр болуп саналса:

1) органикалык өндүрүштө алынган кошулмалар;

2) жаратылыш заттары же табигый жол менен алынган заттар.

3. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү, ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык органикалык айыл чарба продукциясына кирбеген продукцияны өндүрүүдөн бөлөк жүзөгө ашырылуусу керек.

4. Органикалык продукцияны кайра иштетүүдө өндүрүүчүлөр төмөнкү шарттарды сактоого милдеттүү:

1) органикалык эместерди түзүүчү тамак-аш кошулмаларын, тоют кошулмаларын (технологиялык жана сенсордук функцияларды аткаруучу), ошондой эле технологиялык же зоотехникалык зарылдык учурунда, же диеталык максаттар үчүн пайдаланууга жол берилген микроэлементтерди жана технологиялык кошулмаларды колдонууну чектөөгө;

2) органикалык продукциянын зарыл сапатын камсыз кылуу үчүн ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн өндүрүштүн бардык талаптарын аткарууга;

3) токой өсүмдүктөрүн химиялык тазалоону колдонбоого.

7-берене. Органикалык айыл чарба өндүрүшүн сертификаттоо

1. Органикалык айыл чарба өндүрүшүн сертификаттоо чарбалык иштердин ушул Мыйзамда жана “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн талаптарына ылайыктуулугун айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөр тарабынан ыктыярдуу тастыктоо жол-жобосунан турат.

Сертификаттоодон органикалык продукциялардын зоналары катары аныкталган аймактар же айыл өкмөттөрү эмес, органикалык айыл чарба продукциялары гана өтөт.

2. Сертификаттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Органикалык айыл чарба өндүрүшүн сертификаттоо боюнча иш атайын аккредитациялык органдын уруксатын алган юридикалык жактар (анын ичинде коомдук уюмдар, ассоциациялар) тарабынан жүзөгө ашырылат.

8-берене. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестри

1. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестри Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Сертификаттоо боюнча органдар сертификаттоонун натыйжаларына ылайык маалыматтык база (маалыматтар базасын) түзөт жана бекитилген тартипте мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга маалыматтарды берет.

3. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган сертификаттоо боюнча орган тарабынан берилген жыйынтыктоочу маалыматтарга ылайык органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестрин түзөт, ага тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.

9-берене. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнү токтото туруу

Эгерде органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн, сатуунун жүрүшүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзамдын талаптарын бузуулар табылса, анда сертификат берген орган органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүнүн сертификатын чакыртып алат, ал эми аны жүгүртүүнү жүзөгө ашырган жактар продукциядан “органикалык продукция” деген маркалоону токтоосуз алып салууга милдеттүү.

10-берене. Органикалык айыл чарба продукциясын маркалоо

1. Органикалык айыл чарба продукциясын маркалоо ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарды сактаган шартта жүргүзүлөт.

2. Органикалык айыл чарба продукциясын маркалоо “органикалык продукция” деген маркалоосу, органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүнүн дареги, органикалык продукциянын аталышы, ошондой эле сертификат берген органдын аталышы же анын логотиби бар белгиленген үлгүдөгү этикетка менен тастыкталат.

3. “Органикалык продукция” маркасын пайдалануу укугуна органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү менен алектенген, тийиштүү сертификат алышкан чарбакер субъекттер ээ болушат.

11-берене. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо

Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо төмөнкү негизги багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:

1) органикалык айыл чарба өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттерди маалыматтык, консультациялык жана усулдук камсыз кылуу;

2) органикалык продукцияны айыл чарба продукциясынын дүйнөлүк рыногуна чыгарууга көмөктөшүү;

3) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү жаатындагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү колдоо;

4) айыл чарба өндүрүшүнүн мамлекеттик жеңилдетилген насыялоо программаларына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

5) айылдык товар өндүрүүчүлөрдү органикалык айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүнүн көндүмдөрүнө окутууну уюштуруу;

6) органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн технологияларын илимий-методикалык жактан иштеп чыгуу, эл аралык методикаларды, технологияларды Кыргыз Республикасынын шарттарына карата колдонууга ылайыкташтыруу;

7) кыртыштын күрдүүлүгүн көтөрүү жана жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүү;

8) айыл чарба өндүрүшүн жана айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу;

9) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн продукциясын эл аралык рынокко алып чыгуу үчүн эл аралык сертификат алууну уюштуруу.

12-берене. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү маалыматтык камсыз кылуу

1. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү маалыматтык камсыз кылууну уюштурууну органикалык айыл чарба өндүрүшү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.

2. Органикалык айыл чарба өндүрүшү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында милдеттүү жайгаштырууга жаткан маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:

1) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо иш-чаралары жөнүндө;

2) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестри жөнүндө;

3) айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн бирликтеринин, ассоциацияларынын органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө катышуусу жөнүндө.

3. Органикалык айыл чарба өндүрүшү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында төмөнкүдөй маалыматтар жайгаштырылышы мүмкүн:

1) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү максатында продукция берүүнү жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу керек-жарак айыл чарба кооперативдери жөнүндө;

2) органикалык, анын ичинде тамак-аш азыктары менен адистешкен сооданы жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттер жөнүндө;

3) органикалык өндүрүштү уюштуруу үчүн жарактуу жер участоктору жөнүндө;

4) органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө башка маалыматтар.

13-берене. Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузганы үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик келип чыгат.

14-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин Тоо” газетасынын 2019-жылдын 21-майында N 41 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын ПрезидентиС. Жээнбеков

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111912/10?cl=ky-kg&mode=tekst