"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 2-августундагы
№ 398 токтомуна
)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш (мындан ары – Координациялык кеңеш) ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу аркылуу органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган натыйжалуу чараларды көрүү максатында түзүлгөн туруктуу иштөөчү консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

2. Координациялык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле бул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Координациялык кеңеш төмөнкү принциптердин негизинде иштейт:

– ишинин ачык-айкындыгы;

– органикалык айыл чарба өнүгүшүндө мамлекеттик жана мамлекеттик эмес секторлордун кызматташтыгы жана өнөктөштүгү;

– кабыл алынуучу чечимдерди жамааттык, эркин жана ачык талкуулоо;

– теңдик жана коллегиалуулук;

– кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо;

– макулдашылган чечимдерди аткарууда ар бир мамлекеттик органдын ага берилген ыйгарым укуктарынын чегиндеги өз алдынчалыгы;

– кабыл алынган чечимдерди аткарууда жетекчилердин жеке жоопкерчилиги.

2. Координациялык кеңештин негизги милдеттери жана функциялары

4. Координациялык кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

– органикалык айыл чарба өндүрүшү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу;

– интеграциялык процесстерде катышуу мүмкүндүгүн камсыздоо жана органикалык продукцияны жаңы эл аралык рынокторго чыгаруу аркылуу органикалык продукциянын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө дем берүүгө багытталган мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

5. Координациялык кеңештин негизги функциялары:

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын натыйжалуулугун талдоонун негизинде органикалык айыл чарба өндүрүшү чөйрөсүндөгү мамлекеттин саясатынын негизги багыттары боюнча сунуштарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;

– органикалык айыл чарба өндүрүшү чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды, ченемдик жана методикалык документтерди иштеп чыгууну жана аткарууну уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүү;

– органикалык айыл чарба өндүрүшү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды аткаруу боюнча талаптарды мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан бузулушун четтетүү жөнүндө сунуш киргизет.

6. Координациялык кеңеш өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча башка милдеттерди да аткара алат.

3. Координациялык кеңештин укуктары

7. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:

– мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан Координациялык кеңештин ишин аткаруу үчүн керектүү маалыматтарды, документтерди жана материалдарды, белгиленген тартипте суроого жана алууга;

– мамлекеттик органдын кызмат адамдарын Координациялык кеңештин жыйындарына чакырууга, алардын докладдарын, сунуштарын жана органикалык айыл чарба өндүрүшү чөйрөсүндөгү иштерди жакшыртуу маселелери боюнча маалыматын угууга;

– органикалык айыл чарба өндүрүшү чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик базаны өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын, ишканалардын, мекемелердин, ошондой эле уюмдардын адистерин ишке тартууга;

– органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды Координациялык кеңештин жыйындарында кароого;

– Координациялык кеңештин чечимдерин аткаруунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүгө.

4. Координациялык кеңештин уюштуруу иши

8. Координациялык кеңештин иши зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес чакырылуучу жыйындарды өткөрүү формасында жүзөгө ашырылат. Координациялык кеңештин жыйыны эгерде Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмеси катышса укуктуу болуп эсептелет.

9. Координациялык кеңештин иш планы анын жыйындарында бекитилет. Координациялык кеңештин жыйынынын күн тартибин Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн сунушу боюнча Координациялык кеңештин төрагасы аныктайт.

10. Координациялык кеңештин жыйынына материалдар жыйында өткөрүү күнүнө чейин 10 жумуш күндөн кечиктирбей Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө берилет.

11. Координациялык кеңештин чечимдери ачык добуш берүү аркылуу, Координациялык кеңештин жыйынына катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калган учурда, жыйында төрагалык кылгандын добушу чечүүчү болуп эсептелет.

12. Координациялык кеңештин төрагасы:

– Координациялык кеңештин ишине жалпы жетекчилик кылат жана Координациялык кеңешке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

– Координациялык кеңештин жыйынында жетекчилик кылат;

– кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын сунуштары боюнча Координациялык кеңештин эксперттик топторунун курамын бекитет;

– Координациялык кеңештин мүчөлөрү менен макулдашуу боюнча Координациялык кеңештин жыйынынын иш планын жана күн тартибин бекитет.

13. Координациялык кеңештин мүчөлөрү:

– Координациялык кеңештин иш планы, Координациялык кеңештин жыйынынын күн тартиби жана Координациялык кеңештин жыйындарында маселелерди талкуулоо тартиби боюнча Координациялык кеңештин төрагасына сунуш киргизишет;

– Координациялык кеңештин жыйынына материалдарды, ошондой эле Координациялык кеңештин чечимдеринин долбоорлорун даярдоого катышат;

– Координациялык кеңештин жыйынына катышат жана каралып жаткан маселелерди талкуулоого, чечимдерди иштеп чыгууга катышат;

– Координациялык кеңештин отурумдарына катышуу мүмкүн болбогон учурда жыйын башталган датага чейин бир күндөн кечиктирбей бул тууралуу Координациялык кеңештин жумушчу органына билдиришет;

– зарыл учурда Координациялык кеңештин жумушчу органына Координациялык кеңештин жыйынынын күн тартибинин маселелери боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө жөнөтүшөт.

14. Кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын демилгеси жана Координациялык кеңештин төрагасынын чечими боюнча Координациялык кеңештин кезексиз жыйыны өткөрүлүшү мүмкүн.

15. Координациялык кеңештин төрагасы жок болгон учурда анын милдетин Координациялык кеңештин төрагасынын орун басарларынын бири аткарат.

16. Координациялык кеңештин чечими Координациялык кеңештин төрагасы жана төрагасынын орун басарлары кол койгон протокол менен таризделет.

17. Координациялык кеңештин жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү он күндүк мөөнөттө Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө, кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын дарегине жиберилет.

18. Координациялык кеңештин курамына кирбеген кызыкдар мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген жыйындарын өткөрүүдө Координациялык кеңештин жыйынын өткөрүүнүн күнү, орду, убактысы жана Координациялык кеңештин жыйынынын күн тартибине киргизилген маселелер тууралуу маалымат тийиштүү кызыкдар болгон мамлекеттик органдарга жана уюмдарга Координациялык кеңештин төрагасынын же анын орун басарларынын колу менен жазуу жүзүндө жиберилет.

5. Координациялык кеңештин жумушчу органы

19. Координациялык кеңештин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаменти эсептелет. Жумушчу органдын негизги милдеттерине: Координациялык кеңештин жыйындарына материалдарды даярдоо, Координациялык кеңештин мүчөлөрүн маалымат-аналитикалык материалдар менен камсыздоо, сунушталган материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылоо, Координациялык кеңештин жыйындарынын протоколдорун түзүү, Координациялык кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо кирет.

20. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинин директору Координациялык кеңештин катчысы болуп эсептелет.

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/14948?cl=ky-kg