КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-августу № 398
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган натыйжалуу чараларды көрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш (мындан ары – Координациялык кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | М. Абылгазиев |
1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин
КУРАМЫ
Боронов Кубатбек Айылчиевич | – | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы; |
Чодуев Эркинбек Урайымович | – | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; |
Мукашев Азамат Феликсович | – | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин агроөнөр жай комплекси жана экология маселелери боюнча кеңешчиси, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары. |
Координациялык кеңештин курамы: | ||
Адилбек уулу Шумкарбек | – | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору; |
Исаков Эсенгул Байдалиевич | – | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси; |
Жээналиев Алмаз Жээналиевич | – | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы; |
Алишеров Эльдар Туралиевич | – | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Бакирова Жанаркан Токоновна | – | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинин директору, Координациялык кеңештин катчысы; |
Чуйков Николай Алексеевич | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары; |
Чукумбаев Сабырбек Жолочиевич | – | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин “Кыргызтокойаңчылыкжайгаштыруу” мамлекеттик мекемесинин директору; |
Чолпонкулов Таалайбек Аскарбекович | – | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору; |
Чортонбаев Тыргоот Жумадиевич | – | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин проректору; |
Рахманова Динара Курманбековна | – | Кыргыз Республикасындагы БУУнун Азык түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлүнүн орун басары (макулдашуу боюнча); |
Айдаралиев Искендербек Рысбекович | – | “Био-Кейджи” органикалык кыймыл федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Кожобергенова Гульмира Аскарбековна | – | “Тамактанууну жакшыртуу жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн жарандык альянс” (коомдук бирикмесинин) аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Сейиткасымов Санжар Рыскулбекович | – | Кыргызстандагы кооперативдер бирлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Кудайбердиева Гулзада Алмамбетовна | – | “Био-Сервис” коомдук фондунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Казылаева Кайыркул Муканмедиевна | – | “Agroway” компаниянын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Канназаров Нурбек Домонович | – | “Био-Фермер” айыл чарба кооперативинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |