"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Мурадилов Кенжебек – “Орток” органикалык аймагынын фермери

Мен Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнүн Таш-Башат айылынын жашоочусу Мурадилов Кенжебек. Биздин органикалык аймактын фермерлеринин катарындамын. Биздин илгерки ата-бабаларыбыз таза аба менен дем алып, таза сүт, таза эт жана башка азыктары менен тамактанып келишкен. Биздин айыл азыр да кара-тополуу, бийик тоолуу, таза абалуу, карагай-арчалуу аймак. Биздин айылда “BIO-KG” Органикалык Кыймыл Федерациясынын демилгеси менен, таза картошка, сабиз, чеснок, кызылча ж.б. органикалык талаптарга жооп берген азыктарды өндүрөбүз.  Андан башка, кол-өнөрчүлүк жамааттарыбыз да иштешет. Алар кийиз-шырдактарды, кол-каптарды, чокойлорду жасашат. Буюрса, келечекте да биздин келечек муундарыбыз, бала-чакаларыбыз таза азыктар менен азыктанса дейбиз. Ошентип, Федерациянын колдоосу менен биздин мал-чарбачылык, жер иштетүү, кол-өнөрчүлүк жамааттарыбыз жанданып келатышат.

Жыл сайын Федерация уюштурган Көргөзмө-Жарманкеге катышып турабыз. Ал жерде органикалык аймагыбыздан өндүрүлгөн май, сүт, курут, картошка, сабиз, чеснок, кызылча, дан-өсүмдүктөрүн шаар тургундарына сунуштайбыз.

Жаӊы 2020жылыбыз жакшы жылдардан болуп, элибиз-жерибизде тынчылык орносун, кырманыбыз данга толсун! Жаштарыбыздын өмүрү узун, келечеги кеӊ болсун! Бизди колдоп келген Федерациябыздын иши илгерилей берсин!