"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Нарын областындагы Орток жана Дөбөлү органикалык аймактарында өткөрүлгөн “Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агротехникалык эрежелери жөнүндө” окуу-тренинги жөнүндө маалымат

Талас жана Нарын областтарындагы органикалык аймактарды өнүктүрүү долбоорунун 2019-2020-жылдар үчүн бекитилген иш-чараларына ылайык Нарын областындагы Орток жана Дөбөлү органикалык аймактарында “Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агротехникалык эрежелери жөнүндө” окуу-тренингтери тууралуу маалымат. Аталган темадагы окууларды айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча агротехник жана тренер – Шаршеев Мырзабек өткөрдү.  

Орток органикалык аймагында окуу-тренинги 2020-жылдын 4-мартында айыл өкмөтүнүн жыйындар залында өткөрүлүп, 11 адам катышты. Түштөн кийин Эки-Нарын айылындагы мектепте өткөрүлүп, 31 адам катышты.  Окутуунун жүрүшүндө суроо-жооп   көп болду. Негизги кызыгуу жашылча-жемишти, картошканы жана карагатты өстүрүү маселеси болуп, практикалык негизде окутуп-үйрөтүү, жергиликтүү притомник уюштуруу сунуштарын айтышты.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек менен жолугуп, сүйлөштүм.  Ал демоучастокто аз камсыз үй бүлөлөрдү окутуп-үйрөтүү сунушун айтып, мобилизациялоо жагынан жардам берээрин билдирди. Мындан тышкары анын айтымында 2010-жылдары айылда дары чөп Ромашка айдалган. Аны тигип, өстүрүү жол-жоболору үйрөтүлгөн. Чыгышы жакшы болуп, октябрь айына чейин гүлдү чогултуп, кургатышкан. Кийин сатып-өткөрүү маселеси чечилбей калып, улантылбай токтоп калган.

Эки-Нарын айылында Мамытбекова Миргүлдүн үйүндө чакан теплица-парник болуп, ал жерде бадыраӊ өстүрүшкөн. Айтымында түшүм жакшы болуп пайдасын көрүшкөн. Түштөн ийинки окутуу узакка созулуп, кеч болуп калгандыктан, барып көрүүгө мүмкүндүк болгон жок. Мектептин директору теплица куруу планы бардыгын айтып, ордун көрсөттү. Азыркы учурда ал маселе боюнча жардам берүү мүмкүнчүлүгүбүз жоктугун айтып, башка булактарды кароону сунуш кылдым. 

Дөбөлү органикалык аймагындагы окуу-тренинги 2020-жылдын 5-мартында саат 10.00до лицейде өткөрүлүп, 23 адам катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы Улан башталышында катышып, 3 айылда бирден демоучасток үчүн жер такталып, бөлүнгөндүгүн билдирип, айыл элин өсүмдүк өстүрүү тажрыйбасына үйрөтүү багытындагы аракетибизге ыраазычылык айтты. Ошондой эле айылда жергиликтүү питомник уюштуруу маселесине жардам берүүнү, окутуп-үйрөтүүнү суранып, бул багытта участок таап берээрин билдирди. Түштөн кийин саат 15.00до Кеӊеш айылындагы мектепте өткөрүлүп, 20 адам катышып, кызыгуу менен суроо-жооп ирээтинде өткөрүлдү.

Окууга катышуучулар картошканын үрөөнүн жаӊыртуу үчүн 5 тонна урук таап берүүнү сурашып, акчаларын чогулта тургандыгын билдиришти. Ак-Суу органик кооперативинен алууну сунуш кылдык. 

Жалпысынан бул жолку окууга кызыгуу жакшы болуп, катышкандар ушундай пайдалуу тренингдерди өтүп туруу, жазгы айдап-себүү учурунда практикалык көрсөтмөлүү сабак өтүп берүү жөнүндө ойлорун билдиришти.  

Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча агротехник жана тренер – Шаршеев Мырзабек