2020-жылдын 16-17-мартында Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинин Ысык-Көл территориалдык филиалынын кызматкерлери жана Коомдук Кеңештин төрагасы жана Organic Holding коомдук бирикмесинин башкы адиси Турусбек Асаналиевдин жетекчилиги менен Энергоэффективдүүлүктүн жана калыбына келүүчү Энергия Булактарын Өнүктүрүү Борборунун өкүлдөрү менен бирдикте Ак-Суу районунун Теплоключенка, Маман органикалык аймактарында жана Түп районунун Миң-Булак айылында дыйкан фермерлеринин катышуусунда органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү багытында Кеңешме тегерек-стол өткөрүлдү.
ЭКЭБО борбору тарабынан органикалык айыл чарба өндүрүшүнө эффективдүү колдонууга күн энергиясынын жардамы менен айыл чарба азыктарын кургатып даярдоочу аппаратура сунушталды.Ошону менен катар органикалык айыл чарба департаментинин Ысык-Көл территориалдык филиалында өндүрүлгөн биокаражаттар боюнча кеңири түшүндүрмө беришти.
Маалымат жана сүрөттөр Органикалык айыл чарба Департаментине таандык