"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Органикалык айыл чарба департаменти жөнүндө ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 20-февралындагы
№ 73 
токтомуна

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаменти жөнүндө
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин (мындан ары – Министрлик) Органикалык айыл чарба департаменти (мындан ары – Департамент) Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, экологиялык таза органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүүнү жана өркүндөтүлгөн органикалык айыл чарба технологияларын колдонууну көбөйтүү боюнча Министрликтин ведомстволук уюму болуп эсептелет.

2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Департамент өз ишин Министрликтин башка түзүмдүк бөлүктөрү, ошондой эле министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун тийиштүү бөлүктөрү, коомдук жана башка уюмдар менен өз ара байланышта жүргүзөт.

4. Департаменттин өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери болот жана юридикалык жак болуп эсептелет. Департаменттин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штампы, бланкы, эмблемасы болот.

5. Департамент уюштуруучулук-укуктук формасы боюнча мамлекеттик мекеме болот, Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп эсептелишет.

Департаменттин расмий аталышы:

– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаменти”;

– расмий тилде: “Департамент органического сельского хозяйства Министерства сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики”.

6. Департаменттин юридикалык дареги: Чүй облусунун Сокулук району, Новопавловка айылы, Депо көчөсү, № 80.

2. Департаменттин максаты

7. Департаменттин максаты органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн жогорку сапаттагы жана экологиялык таза органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүүгө, аларды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоону көбөйтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

3. Департаменттин милдеттери

8. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

– Министрликтин органикалык айыл чарба өндүрүшү тармагындагы мамлекеттик саясатын ишке ашыруу;

– органикалык азыктарды өндүрүү ишин тармактар аралык координациялоо.

4. Департаменттин функциялары

9. Департамент төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

1) тармактык саясат функциялары:

– органикалык айыл чарба өндүрүшү тармагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Министрликтин кароосуна киргизүү;

– органикалык айыл чарба өндүрүшүн жана айыл чарба биотехнологиясын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды аткаруу;

– илимий мекемелер менен чогуу органикалык айыл чарба жана айыл чарба биотехнологиялары тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн приоритеттүү багыттарын аныктоо;

– Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча мамлекеттик стратегиялык программалардын жана иш-чаралардын долбоорун иштеп чыгуу жана аны Министрликтин кароосуна киргизүү;

– органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн инновациялык биотехнологияларды иштеп чыгуу;

– органикалык айыл чарба продукциясына улуттук стандарттарды иштеп чыгуу;

– биопрепараттарды жана энтомофагдарды, ошондой эле биологиялык жер семирткичтерди иштеп чыгуу жана колдонуу;

– органикалык продукция өндүрүүчүлөрдүн реестрин жүргүзүүнүн эрежесин иштеп чыгуу;

– органикалык айыл чарба продукциясын сертификаттоо системасын иштеп чыгуу;

– органикалык продукцияны упаковкалоо, маркалоо, импорттоо, экспорттоо жана сатуу эрежелерин иштеп чыгуу;

2) координациялоо жана мониторинг функциялары:

– органикалык айыл чарба өндүрүшү тармагындагы мамлекеттик органдардын функцияларын тармактар аралык координациялоо;

– чарбалык субъектилердин менчиктик формасына карабастан биологиялык каражаттарга жана биопрепараттарга болгон керектөөлөрдү мониторингдөө, ошондой эле аларды пайдаланууну координациялоо;

3) Кызмат көрсөтүү функциялары:

– айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн арыздары боюнча акы төлөөнүн негизинде зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чөптөргө каршы биологиялык дарылоо;

– Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн биопрепараттарын, энтомофагдарын жана биологиялык жер семирткичтерин каттоо жана сыноодон өткөрүү;

– органикалык жерлерди жана органикалык продукцияны өндүрүүчүлөрдү каттоо;

– органикалык айыл чарба продукциясын сертификациялоо;

4) колдоо көрсөтүү функциялары:

– айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө алардын продукциясын органикалык айыл чарба продукциясынын дүйнөлүк рыногуна чыгарууга жардамдашуу;

– органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү тармагында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү;

– органикалык айыл чарба жана айыл чарба биотехнологиясы тармагындагы ата мекендик жана чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбаларды изилдөө жана киргизүү;

– Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбаны андан ары өнүктүрүү үчүн чет өлкөлөрдүн ушундай уюмдары менен байланыш түзүп, тажрыйба алмашуу жана алар менен биопрепараттарды жана биологиялык жер семирткичтерди өндүрүүчү биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча кызматташуу;

– органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө айыл чарба өндүрүшүнө жеңилдетилген кредит берүүчү мамлекеттик программалардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жардам көрсөтүү;

– инвестиция тартуу жолу менен органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнү көбөйтүүгө, айыл чарбасында коопсуз экологиялык зоналарды түзүүгө, ошондой эле химиялык пестициддерди колдонуунун үлүшүн азайтууга мүмкүндүк берүүчү органикалык айыл чарба технологияларын жана инновациялык биотехнологияларды киргизүү боюнча иштерди аткаруу;

– органикалык айыл чарбанын инновациялык технологияларын жана айыл чарбалык биотехнологиянын продукциясын колдонууну маалыматтык камсыздоо;

– чарбалык субъектилерди органикалык айыл чарба технологиясын жана айыл чарба биотехнологияларын колдонуу боюнча окутуу жана кеңеш берүүчү, ошондой эле маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;

– органикалык айыл чарба технологиялары боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү басып чыгаруу жана чарбалык субъектилерге аларды пайдалануу боюнча зарыл практикалык жана методикалык жардамдарды көрсөтүү.

5. Департаменттин укуктары

10. Департаментке жүктөлгөн милдеттерге ылайык ага төмөнкүдөй укуктар берилген:

– органикалык айыл чарба жана айыл чарба биотехнологиясы тармагындагы мыйзамдарды жакшыртуу боюнча Министрликке сунуштарды киргизүү;

– коюлган милдеттерди аткаруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, ошондой эле донорлордон гранттарды белгиленген тартипте тартуу;

– органикалык айыл чарба жана айыл чарба биотехнологиялары боюнча эксперттерди жана адистерди белгиленген тартипте келишимдик шарттарда тартуу;

– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, илдеттерине жана отоо чөптөрүнө каршы биологиялык дарылоону жүргүзүү, аларды колдонуу технологияларын иштеп чыгуу;

– Департаменттин мүлкүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жалаң биологиялык өндүрүш үчүн ижарага берүү.

6. Департаменттин мүлкү жана каражаттары

11. Департаменттин мүлкү жана каражаттары болуп оперативдүү башкаруу укугу менен белгиленген тартипте өткөрүп берилген имараттар, курулмалар, өткөрүүчү түзүлүштөр, машиналар жана жабдуулар, транспорт каражаттары, өлчөөчү жана жөнгө салуучу приборлор менен түзүлүштөр, аспаптар, өндүрүштүк жана чарбалык шаймандар, башка негизги каражаттар эсептелет.

12. Департаменттин кызматкерлерин кармоо, жабдууларды, приборлорду, шаймандарды, материалдарды жана автотранспортторду сатып алууну каржылоо булагы болуп республикалык бюджеттин каражаттары эсептелет.

7. Департаменттин ишин уюштуруу

13. Департаментти директор жетектейт.

14. Департаменттин директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.

15. Департаментте директордун орун басарынын кызмат орду болот.

16. Департаменттин директорунун орун басары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.

17. Департаменттин директору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Департаменттин мүлкүн жана каражаттарын өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде башкарат.

18. Департаментте Илимий-техникалык кеңеш түзүлөт. Илимий-техникалык кеңештин курамы жана ал жөнүндө жобо Департаменттин директору тарабынан бекитилет.

19. Ушул Жобого ылайык Департаменттин директору:

– Департаменттин ишин жалпы жетектейт жана тапшырылган милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;

– өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;

– Департаменттин аймактык бөлүмдөрү жана кызматкерлердин кызматтык милдеттери жөнүндө жоболорду бекитет;

– Департаменттин бекитилген структурасынын, санынын, эмгек акы төлөө фондунун чегинде чыгымдардын сметасын жана штаттык бирдиктерди Министрликке бекитүүгө берет;

– Департаменттин өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого Министрликке сунуштарды киргизет;

– Департаменттин жетекчилерин, адистерин жана башка кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жаза берет;

– Департаменттин ишине жана аны жетектөөгө байланышкан башка ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырат;

– Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча кызматташуу жөнүндө келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго белгиленген тартипте кол коёт;

– Департаменттин атайын каражаттарынын эсебинен белгиленген тартипте келишимдик шарттарда биологиялык өндүрүш тармагындагы адистерди, ошондой эле техникалык кызматкерлерди ишке тартат.

8. Департаменттин ишине контроль жана аудит

20. Департаменттин ишине контроль жана аудит Департаменттин жетекчилиги жана тиешелүү жогорку органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

9. Департаментти өзгөртүп түзүү жана жоюу

21. Департаментти өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте ишке ашырылат.

Департаменттин иши токтотулган учурда документтер Кыргыз Республикасынын архивдик иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте сакталат.