10-мартта Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн алдындагы органикалык айыл чарба өндүрүшүн үнүктүрүү боюнча Координациялык кеӊештин биринчи жыйыны өттү. Кеӊештин мүчөлөрү талкууга активдүү катышышты. BIO-KG органикалык кыймыл Федерациясы органикалык аймак модели жана PGS системасы тууралуу презентацияны көрсөттү. “Координациялык кеӊештин өтүшү – чоӊ жетишкендик, анткени 3 жылдан бери ЖК комитетинин чечими ишке ашты. Кеӊешмеде Координациялык кеӊештин 2020- жылда аткарыла турган иш-планы бекитилди. Бул жерде Азамат Мукашевдин кошкон салымы чоӊ”, деп билдирди Айдаралиев И.Р.
№ | Каралуучу маселелердин аталышы | Жооптуулар (баяндамачы) |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Координациялык Кещешинин 2020-жылдын ичинде каралуучу маселелердин иш планын бекитүү жөнүндө | Кеӊештин секретариаты |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтънън 2017-жылдын 2-августундагы «Кыргыз Республикасында 2017-2022-жылдар аралыгында органикалык айыл чарба өндъръшън өнъктъръънън Концепциясын бекитъъ жөнъндө» №459-токтомунун аткарылышынын жъръшъ тууралуу. | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация Министрлиги |
3 | Органикалык айыл чарба өндүрүшүнө тиешелүү стандарттарды иштеп чыгуу жана бекитүү маселелери жөнүндө | Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги, стандартташтыруу жана метрология борбору |
4 | Органикалык азыктарды сертификаттоо маселелери жөнүндө. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Аккредиттөө борбору |
5 | Кыргыз Республикасынын органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 12-июнундагы №3108-VI токтомун аткарылышын камсыз кылуу максатында «Кыргыз Республикасынын органикалык айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын” долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш чаралар | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация Министрлиги |
6 | “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасыын Мыйзамын аткаруу боюнча жургузулуп жаткан иштердин абалы жөнүндө. | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба Департаменти |
7 | Республиканын аймагында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик Программанын долбоорун иштеп чыгуу маселеси жөнүндө | Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация Министрлиги |
8 | Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Координациялык Кещешинин февраль айындагы кеңешмесинде кабыл алынган протоколдук чечимдин аткарылышынын абалы жөнүндө. | Кеңештин секретариаты |
9 | Өлкөбүздүн аймагында өндүрүлгөн органикалык азыктарды сертификаттоо иштеринин жыйынтыктары жана сатыкка чыгаруу маселелери жөнүндө. | Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация Министрлиги |
10 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Координациялык Кещешинин 2021-жылдын ичинде каралуучу маселелердин планын бекитүү жөнүндө. | Кеңештин секретариаты |