Мен Талас районунун Талды-Булак айылында, Талды-Булак органикалык аймагында жашаймын. Биз бала кезден ушул табигаты, суусу таза айылда жашап-өстүк. Ошондуктан, биздин айылда органикалык айыл чарбачылыгы жүргүзүлөт. Эч кандай химикат колдонулбайт. Камырга дрожь ачытпайбыз, чабаты, казан-көчкө нан жазайбыз. Уйларыбыздын сүтү таза, эт өзүбүздөн өндүрүлөт. Эч кандай оору жок. Согум болсо баарына теӊ бөлөбүз. Органикалык аймак боюнча түшүнүгүбүз бар, иштеген ишибиз бар. Аялдар өзүбүзчө жамаатыбыз менен кийиз жасап, машинкада сайма-тикмелер, курактан кураган жумуштарыбыз бар.