"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Айыл чарба министрлигинде айыл жарманкелерин уюштуруу боюнча кеңешме өттү

Кыргыз Республикасынын айыл жана суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинде эксперттик коомдоштуктар менен бейокмот окулдорунун катышуусу менен министрдин орун басары Азамат Мукашев алып барган тегерек столу болуп өттү.

Жыйын Бишкек шаарынын аймагында айыл чарбасын каржылоо жана айыл жармаңкесин уюштуруу маселеси боюнча өттү.

Bio-KG  айтылган отурумунда органикалык айыл-чарба продукциясынын ар жылдык көргөзмө-жарманкелеринин активдүү уюштуруучусу катары катышып, ошону менен бирге, буга окшогон иш-чараларды өткөрүүдө федерациянын  алдында кандай жетишкендиктер жана чакырыктар тууралуу айтып бере алышты.  

Эксперттик чогулушка BIO-KG федерциясынын салттуу билимдер боюнча программанын координатору Султан Сарыгулов катышты.