"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Айыл чарба министрлигинде бал аарычылык боюнча жыйын өткөрүлдү

Бугун, 11 майда, Айыл, суу чарба  жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинде бал аарычылык жонундо КРнын мыйзам долбоорун талкуулоо тууралуу эксперттер тобунун  жыйыны өткөрүлдү.     

Чогулушта бал аарычылыктын тармак катары өнүгүүсү, идентификациялоо маселеси, ветеринардык колдоо жана башка суроолор талкууланды.  

Айтылган  жыйынга айыл-чарба жана бал аарычылыкка тиешелуу адистер катышты, анын ичинде Айыл, суу чарба  жана аймактарды өнүктүрүү министрилигин жетекчисинин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу, ветеринария департаментинин мүдүрүнүн орун басары Иса Касымалиев болду. BIO-KG федерациясынын атынан аарычылык боюнча эксперт Султан Сарыгулов катышты.