"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Айыл чарба министрлиги: минералдык жер семирткичтердин баасы кымбаттады

Жыл жыйынтыгын чыгаруу максатында КРнын айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги  минералдык жер семирткичтердин баасы кымбаттаганы тууралуу расмий сайтында билдирди.

 Өткөн жылга салыштырмалуу бул 2021-жылы дүйнөлүк рынокто минералдык жер семирткичтердин баасы жогору көтөрүлгөнү тууралуу айыл чарба министрлиги билдирген. Айтылган мооноттү алганда, биздин өлкөгө 2020-жылга салыштырмалуу бирдик баасы 3,0-5,0 сомго көтөрүлгөн.   

Фермерлерди жеткиликтүү баада минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо үчүн айтылган мекеменин жетекчилиги жеке-менчик ишканалар менен биргеликте  мезгил-мезгили менен минералдык жер семирткичтерди өз  баасы менен сатуу акцияларын уюштурушкан.  

Төмөндө минералдык жер семирткичтердин негизги түрлөрүнүн бир нече облусттардан алынган орточо баалары менен таанышса болот:

— аммиак селитра:

Баткен облусунда — 25,0-25,5 сом/кг,

Жалал-Абад облусунда — 25,0-25,5 сом/кг,

Ош облусунда — 25,0-25,5 сом/кг,

Чүй облусунда — 25,0-26,0 сом/кг;

— карбамид:

Баткен облусунда-26,0-27,0 сом/кг,

 Жалал — Абад облусунда-26,0 — 28,0 сом/кг,

Ош облусунда-25,0-26,0 сом/кг,

Ысык — Көл облусунда — 27,0 сом/кг,

Талас облусунда-27,0 сом/кг,

 Бакай-Ата районунда-27,0 сом / кг.