BIO-KG органикалык кыймыл Федерациясы ЭкоФест “Оп майда”аттуу көргөзмө-жарманкеси өткөрдү. Кезектеги онунчу, мааракелик иш-чара, бул жылы КРнын Айыл-чарба министрлиги менен биргеликте «АГРОТЕХЭКСПО» көргөзмөсүнүн алкагында өткөн.
Органикалык жана табигый продуктуларды өндүрүүчүлөрдүн жана кайра иштетүүчүлөрдүн көргөзмө-жармаңкеси он жылдан бери салтка айланып, шаардыктардын өзгөчө популярдуулукка ээ болуп калгандыгын уюштуруучулар белгилешти.
Экофестивалга төмөнкү категориядагы мыкты деп аныкталып чыккан фермердик чарбалар катышты:
ФОД BIO-KG нин 10 органикалык аймактын өкүлдөрү
Сан Планет кооперативи
ПГАЭ долбоору
30дан ашуун кайра иштетүүчүлөр
Биопрепараттарды сатуу жана / же өндүрүү боюнча компаниялардын 6 өкүлү
Кол өнөрчүлүктүн өкүлдөрү
Бул иш-чара КР экономика министрлигинин “Жашыл экономика күндөрү-2021″демилгесинин алкагында өткөрүлдү.
“Оп майда” ЭкоФест көргөзмө-жарманкесине жалпысынан 15 000ден жогору киши катышкан.