"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

«Дөбөлү» аймагында ромашка гүлүн туура өстүрүү боюнча окутуулар өткөрүлдү

Нарын областынын «Дөбөлү» органикалык аймагында, 13-майда “Дордой дары” коомдук уюмунун жетекчиси ДамираКампабекова ромашка боюнча өзүнүн алгачкы  окутууларын өтүп баштады.

Бул окутуулар фермерлерге эки күн катары менен болуп, теория жана практика жүзүндө өткөрүлдү. Үстүбүздөгү жылы ромашка гүлү чоң көлөмдө өстүрүлүүдө, андан кайра иштетүү цехтеринде май жана экстракт чыгарылып, даяр болгон продукция чет өлкөгө сатылат.