3-мартта «Дөбөлү» органикалык аймакта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси менен дыйкандардын катышуусунда чоң жыйын өттү.
Анда айыл-өкмөтү үстүбүздөгү жылдын башында айдоо иштерине кандай көмөк көрсөтүлөрү, сугат суу ж.б. маселелери көтөрүлдү.
Дыйкандар жазгы талаа иштерине камынып, себе турган уруктары барбы, кандай жашылча-жемиш же дары чөптөр айдала тургандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөштү.
Органикалык аймактын мобилизатору Камчыбек Мамбетов дары-чөптөрдү айдоонун маанисин, анын кирешелуу багыт катары артыкчылыктары жөнүндө айтып берип жана BIO-KGнин даяр продукциясын үлгү кылып көрсөтүп берди.