Бүгүн, 2021-жылдын 27-апрелинде Био-KG органикалык кыймыл федерациясы Талас областынын фасоль өндүрүүчүлөрүнө көмөк көрсөтүү максатында Болгария, Эстония жана Украина өлкөлөрүнүн бизнес өкүлдөрүн алып келип, фасоль өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөрү менен жолуктурду. Анын жүрүшүндө фасолду кайра иштетуу жана сатып алуу, жаңы сортторду киргизүү жана фасолдун түшүмүн жогорулатуу үчүн сертификаты бар биокаражат менен камсыз кылуу маселелери талкууланды. Бизнес өкүлдөр Талас шаарында жайгашкан кайра иштетүү жайлары менен таанышып, фасолдун сорттору жана өндүрүү потенциалын такташууда. Эртен бул иш-чара Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунда улантылат. Бул иш-чара федерациянын директору Искендербек Айдаралиев менен Украинадагы органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Евгений Миловановдун оз ара кызматташтыгы жана макулдашуусунун негизинде ишке ашып жатат.