2018 жылдын 29 сентябрында Талас облусунун Талды-Булак айылында “Органикалык айыл чарбасынын негиздери жана сетификаттоо, Тоолуу аймактарда азыктанууну жакшыртууга багытталган айыл чарбасы жөнүндө” областык окуу-практикалык семинар болуп өттү.
Уюштуруучулар: BIO-КG Органикалык Кыймыл Федерациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, “Тоолуу аймактарда азыктанууну жакшыртууга багытталган айыл чарбасы” долбоору.
Катышуучулар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондун акимдери, Райондордун агрардык өнүгүү башкармалыктарынын башчылары, айыл өкмөт башчылары, ММК, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, областагы 37 айылынан фермерлер.
Семинарда Компост жасоо боюнча мастер-класс өткөрүлдү. Компост эмне?, үй шартында кантип даярдаса болот? колдо бар органикалык материалдарды туура пайдалануунун методу боюнча элге кенен айтып көрсөтүп бердик. Кызыктуусу колдонулбаган, колдо бар органикалык материалдарды максатсыз, ар кандай жолдор менен жок кылабыз, мисалы: түшкөн жалбырактарды, ашкана калдыктарын, малдын кыгын, кашектерди, отоо чөптөрдү, кайра иштетүүдөн калган продукталар, үйдөн чыккан мусор, сойулган малдын калдыктары, сүт азыктарынын калдыктары, кирдин суусу, алынган түшүмдүн калдыктары ж.б. Ушул материалдарды айыл чарбасына азык катары колдонсок түшүмдү жогорулатууда, айлана-чөйрөнү сактоодо, ден-соолукту сактоодо зор мааниси бар. Күнүмдүк жашообузда канчалаган органикалык материалдарды максатсыз өрттөө, сууга агызуу, талаага калтыруу аркылуу жок кылып айлана чөйрөгө, ден-соолука, экономикабызга чоң зыян алып келүүдобүз.
Компост жасоо – бул жөн гана жер-семирткич даярдоо эмес, адамдын ден-соолугуна кам көрүү, айлана-чөйрөнү таза кармоо, экономиканы чыңдоо.