"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Керемет Кыргызстан

Кыргызстан – таң каларлык тоолуу өлкө. Кыргызстан аймагында ар түркүн кооз жерлери толтура.

Ысык-Көл

Ысык-Көл – Кыргызстандагы эң чоң көл. Дүйнөдөгү 25 ири көлдүн катарында жана эң терең көлдөрдүн тизмесинде 7-орунда турат. Республиканын түндүк-чыгышында, Түндүк Тянь-Шань тоо кыркаларында: Күңгөй Ала-Тоо менен Тескей Ала-Тоонун ортосунда, деңиз деңгээлинен 1609 метр бийиктикте жайгашкан. Андан суу кайра агып чыкпайт,  бирок ага салыштырмалуу анча чоң эмес, 80дей өзөн-сайдын суулары келип куюлат. Алардын чоңдору – чыгыш жактан куюлган Түп менен Жыргалаң суулары. Батыш тараптан Чу дайрасы көлгө абдан жакын агып өтөт, Балыкчынын тушунан 6 км аралыкта жазгы суу ташкындары учурунда анча-мынча кошулуп да кетет. Суунун деңгээли Ысык-Көлдө циклдер боюнча өзгөрүп турат (бирде көтөрүлөт, бирде түшөт). Цикл бир нече он жылдын ичинде алмашат. Суусу туздуу (суунун минералдашуусу – 5,90%).  
Суунун көлөмү 1738 км³ түзөт, көлдүн бети – 6236 км², жээгинин айланасы – 688 км, орточо тереңдиги – 278 м, эң терең жери дээрлик 2,5 эсе болуп, 702 метрге барабар. Ысык-Көлдүн узундугу батыштан чыгышка 182 км, ал эми түштүктөн түндүккө – 58 км. Ысык-Көл тунуктугу боюнча дүйнөдө    Байкалдан кийинки экинчи орунда турат.

Арсланбаб

Арсланбаб – бул табияттын уникалдуу туундусу, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан, гүлдөгөн оазис. Арсланбаб – бул Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан эң кооз курорттордун бири.
Арсланбаб району Фергана жана Чаткал тоолорунун батыш жана түштүк тараптарында, Бабаш-Ата тоо кыркаларынын кокту-колотунан орун алган. Анын атагын алыска чыгарган – бул баарыдан мурда анын   жалпысынан 608,5 миң гектар жерди ээлеген жемиштүү жаңгак токойлору.
Деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте, аска-зоону аралай тоонун көк кашка мөлтүр суулары таштан-ташка уруна, мөңкүп агып жатат. Кээ бир жерлерде алар тээ асмандан атырылып түшүп, жомоктогудай шаркыратмаларга айланышат. Жергиликтүү калк бул жаңгакка байланыштуу мындай уламышты жакшы билишет. Качандыр бир айтылуу Александр Македонский өзү бул жердин жагып калган жаңгак жемишин алыстагы мекенине ала кеткен имиш. Мына ошол жаңгактар Грециянын жаңгак бактарынын түптөлүшүнө негиз болгон. 

Сулайман-Тоо

Сулайман-Тоо – батыштан чыгышка карай суналып жаткан беш урчуктуу уютулган чулу таштай болгон касиеттүү тоо. Анын узундугу – 1140 м, туурасы – 560 м. Бул тоону байыртан эле касиеттүү, ыйык тоо деп эсептеп келишкен. Бул жөнүндө сакталып калган петроглифтер да күбө өтүп турат. Тоонун боорунда анын музейи курулган. XVI кылымга чейин тоону  Бара-Кух, андан соң дээрлик XX кылымга дейре Тахты-Сулейман («Сулаймандын тактысы») деп аташкан.
 Сулайман- Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Жети Өгүз

Жети-Өгүз Каракол шаарынан батышка карай 28 км аралыкта, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан эң кооз тоо капчыгайы.
Жети-Өгүз капчыгайы Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы, Ысык-Көлдү түштүгүнөн айланып өтүүчү аты уйкаш дайранын куймасында жайгашкан. Тизилип жаткан өгүздөрдү элестеткен, шамалга тотуккан, тизилген кызыл аскалардан улам ал “Жети-Өгүз” деген атка ээ болгон. Бул аскалар босогодон тосуп алып, капчыгайдын таанытма айырмасындай туюлат. Ал эми “Жарылган жүрөк” деп аталган кызыл аска – жергиликтүүлөр мактанган жай. Арзышкандардын бардыгы дайыма аны жандай сүрөткө түшүшөт.  
Капчыгайда 2200 м бийиктикте Жети-Өгүз курорту жайгашкан. Ал өзүнүн дарылык касиети күчтүү геотермалдык булактары менен атагы чыккан.

Бурана

Кыргызстан 10-кылымдардын ортосунда Караханиддер мамлекетинин курамына кирген. Бул кол өнөрчүлүктүн, сооданын, курулуштун өнүгүүсүнө жана жаңы шаарлардын пайда болуусуна өбөлгө түзгөн абдан күчтүү мамлекет болгон. Мындай жаңы шаарлардын катарына ал кезде Баласагын да кирген. Бул аталышы Бурана мунарасынан келип чыккан Бурана шаарчасы болгон. Бул атактуу шаарчанын урандылары Токмок шаарынан 12 км жерде жайгашкан. 

Таш-Рабат

Таш-Рабат – бул уникалдуу архитектуралык эстелик Нарын облусунун Кара-Коюн деп аталган эң кооз капчыгайында жайгашкан. Ал Нарын шаарынан 110 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте. Таш-Рабат Кыргызстандын 15-кылымга таандык эң башкы архитектуралык ажайып жайларынан болуп саналат.
Орто кылымдарда Улуу Жибек жолунда Таш-Рабат чеби кербен-сарайдын кызматын аткарып, соодагерлер менен саякатчылардын дайыма токтоп өтүүчү жайы болгон. Таш-Рабат ошол алыскы мезгилде Чүй жана Фергана өрөөндөрүн Кашгар менен байланыштырып турган соода жолунда жайгашкан. 

Сары-Челек көлү

Сары-Челек көлү бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын батышында, Бишкектен 500 км, ал эми Оштон 300 км аралыкта,  Сары-Челек коругундажайгашкан. Ал Чаткал тоо кыркасынын кызыктуу ажайып жайы. Көлдүн узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 км, суусунун аянты – 507 гектар.Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1940 м бийиктикте жайгашкан.   
Жайкысын көлдөгү суунун тепмпературасы Цельсия боюнча + 19 градустан ашпайт, ал эми кышкысын Цельсия боюнча +4төн 0 градуска чейин өзгөрүп турат. Көлдүн суусун ичкенге болот жана андан Кожо-Ата дарыясы агып чыгат.
Көлдү курчаган капчыгайлардан ондогон тоо суулары куюлуп турат. Көлдүн жээктери өтө тик жана салаңдаган аскалар менен курчалган. Жээктен эле дароо тереңдик башталып, кээ бир жерде ал 234 метрге жетет. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү, ал эми Кыргызстанда экинчи орунда турат.

Соң-Көл

Соң-Көл Тянь-Шань тоолорунун кооз көлү болуп саналат.  “Соң-Көл” деген сөз “Акыркы көл” деген маанини билдирет. Ал Нарын облусунун түндүк-батыш бөлүгүндөгү “Соң-Көл тоо” менен “Молдо тоонун” кырларында жайгашкан зор өрөөнчөдө, деңиз деңгээлинен 3016 м бийиктикте жайгашкан. Көлдүн узундугу 29 км, ал эми туурасы – 18 км, тереңдиги – 22 метрди түзөт. Бул көл Кыргызстандагы эң ири ичүүчү суу топтолгон жай болуп саналат. Көлдүн бетинин аянты – 278 кв. км.  
Соң-Көлдүн суусу тоолордон агып түшкөн чакан дайралардын эсебинен толукталып турат, ал эми көлдөн Соң-Көл дайрасы агып чыгып, оргуштаган Нарын дайрасына кошулат.
Жаркырап жаткан көлдүн бети алыстан эле көзгө чалдыгат. Бул көл кар баскан Ала-Тоонун койнундагы кымбат баалуу алкакка катылган баа жеткис берметтей сезилет. Көл жээгинин табияты кол тийбеген бойдон болгондуктан ары сырдуу да, ары байыркы жомоктой. Көлдүн кооздугу көз жоосун алып, унутулгус элес калтырат. Аба ырайынын өзгөрүшүнө жараша көлдүн бети да түсүн өзгөртөт. Ал асмандай көпкөк, же сыя көк, ал тургай кызгылтым же сары да болуп көрүнөт. Ал эми сиз көл жээгинде аны карап олтурган болсоңуз, көл түсүнө жараша маанайын өзгөрткөн сыяктуу сиздин маанайыңыз да нечен түркүн өзгөрүп, не бир  кыялдарга туш болосуз.


Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплекси

Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплекси (КУМОК) – Талас областы нын, Ташарык айылында жайгашкан. 1996-жылга чейин «Манас» коругу болуп келген. 1996-жылы официалдуу (расмий) түрдө КУМОК деген статус берилген. 1995-жылы БУУнун жардамынын негизинде «Манас» эпосунун 1000 жылдык маарекеси дүйнөлүк масштабда өтүлгөн. Азыркы учурда 70 ке жакын жумушчу топ эмгектенип жатат.
https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%9C%D0%B0%D0%BD%D0%B0%D1%81_%D0%9E%D1%80%D0%B4%D0%BE