2023-жылдын 25-27-январь күндөрү Бишкекте KGFRAS уюштурган конференция өтүп жатат. Иш-чарага Ассоциациянын мүчөлөрү жана Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынан Мырзаканова Айгерим катышууда.Конференцияда «AIS – айыл чарба инновациялык системасы» темасы изилденди. Айылдык сектордо көптөгөн актерлор бар (БӨУлар, жеке уюмдар, донорлор, мамлекеттик органдар, кооперативдер, ассоциациялар жана башкалар). Ар бир актер маркетингде, каржылоодо, мобилизациялоодо жана/же координациялоодо роль ойнойт. Биздин ролубуз кандай? Био-KG бейөкмөт уюм катары «көпүрө» ролун аткарып, актерлордун өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетет жана ошондой эле координациялоочу уюм болуп саналат. Натыйжалуу иш аткарууга кеңеш берүү үчүн комплекстуу мамиле кылуу талап кылынат. Тренинг жана жаңы билимдерди алуу аркылуу биз кеңеш берүү жана окутуу иштерин жогорку деңгээлге чыгара алабыз!