"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Конференцияга BIO-KG ОКФ катышты

2022-жылдын 19-21-декабрында Бишкекте KGFRAS уюштурган конференция болуп өттү. Иш-чарага ассоциациянын мүчөлөрү катышты. Үч күнгө созулган конференциянын программасында инновациялар: көйгөйлөр, иштеп чыгуулар жана чечүү жолдору темасы камтылган. Катышуучулар ийгиликтүү үй чарбачылыгы, онлайн платформалардын артыкчылыктары жана бизнес жүргүзүү үчүн CRM системаларын колдонуу боюнча баяндамаларды укту, андан соң жеке жана топтук иштерде долбоордун бизнес моделдерин түзүп, ийгиликтүү сунушташты. Конференцияга Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын атынан Мырзаканова Айгерим катышты.