"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Кыргыз Республикасындагы өсүмдүктөрдү коргоо боюнча тегерек столго ФОД катышты

Бүгүн 30-августта “Кыргыз Республикасында өсүмдүктөрдү интеграцияланган коргоону өнүктүрүүнүн улуттук концепциясы” темасындагы тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага BIO-KG органикалык кыймыл федерациясынын директору Айдаралиев Искендербек Рысбекович катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында пестициддер менен жер семирткичтердин абалы талкууланды. Катышуучулар ошондой эле өсүмдүктөрдү интеграцияланган коргоо саясатынын максаты, ар кандай деңгээлдеги институтташтырылган түзүм жана ӨИК ишмердигин ишке ашыруу стратегиялары менен таанышышты.

Колдо болгон маалыматтарды талдап чыккандан кийин, тараптар учурда дүйнө жүзү боюнча ар кандай өсүмдүктөрдүн продукциясын өстүрүү жана сактоо боюнча акылдуу экологиялык түшүнүккө негизделген мыкты ыкмалардын бири катары каралат деген бүтүмгө келишти.

Ошентип, бул саясатты ишке ашыруу оң таасирин тийгизет: зыяндуу пестициддерди колдонуу азайып, өндүрүш деңгээли жогорулап, айлана-чөйрөнүн абалы жана калктын ден-соолугу жакшырат.