"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Көпүрө-Базарда салттуу билим боюнча окуулар өтүп жатат

Көпүрө-Базар органикалык аймагында салттуу билимдерди өнүктүрүү максатында инновациялык ыкмаларды колдонуу жолдору тууралуу окуу тренинги өтүп жатат.

Ага жергиликтүү орто мектебинин мугалимдери жана 6-7 класстардын окуучулары катышууда. Тренинг 26-27 мартта өткөрүлөт, биринчи күнү сабакты «Таалим форум»  коомдук фондунун директору Алмагул Осмонова  өтүп жатат.

Айтылган тренингдин натыйжасы катары Көпүрө-Базар орто мектебинде жакын арада  этноэкология деген сабак окуу программасына киргизиле тургандыгын BIO-KG федерациясынын координатору Майрамбек Боронбаев билдирди.