22-августта “Фермердин талаа күнү” иш-чарасынын алкагында Талды-Булак жана Кѳпүрѳ-Базар айылындагы органикалык фермерлердин иш-аракеттери, дары чѳптѳрдү ѳндүрүү жана кургатуу ишинин жүрүшү, кѳчѳт даярдоочу питомниктерди уюштуруу жана парник иштетүү иштери, органикалык аймак долбоорунун чегинде аткарылып жаткан башка иштер кѳрсѳтүлдү.
Аталган иш-чарага Ысык-Кѳл, Нарын жана Чүй областтарындагы органикалык аймактардын ѳкүлдѳрү, органикалык азыктарды чет элдик сертификаттоого даярдоо багытында иштеп жаткан Жалал-Абад областындагы Био-Сервис коомдук Фондунун ѳкүлдѳрү, массалык-маалымат каражаттарынын кызматкерлери катышышты.
Жергиликтүү фермерлер өсүмдүктѳрдүн кѳп түрдүүлүгүн уюштуруу, ѳсүмдүктѳрдүн зыянкечтерине каршы биологиялык коргонуу каражаттарын даярдоо жана компост жасоо ыкмалары менен тааныштырышты.