Үстүбүздөгү жылдын 15-январында BIO-KG органикалык кыймыл федерациясынын демилгеси менен органикалык аймактардын фермерлери «Лекарь» аптека түйүнүнүн коммерциялык директору Расул Жанбоев менен жолугушту.
Анда катышуучулар органикалык дары-чөптөрдү фармацевтикалык чөйрөдөгү ээлеген орду менен таанышты жана аларды аптекага өткөрүү жолу тууралуу кеңири талкуулашты.
Фармацевтикалык компаниянын өкүлү, алар иштетип жаткан тармакта дары-дармектер кандай шартта көбүрөөк сатылаарын айтып берди.
Мисалы, дары-чөптүн упаковкасы кагаздан болсо жана массасы 25-30 грамм болсо ошондо кардардын кызыкчылыгы көбөйө турганын билдирди.
Андан тышкары товарды сатуудагы факторлору тууралуу белгилеп кетип, штрих-коддун сөзсүз түрдө керектигин айтып берди.
ОА фермерлери 14-15 январында Федерацияда жылдык жыйынтык өткөрүү, 2020-жылдын ийгиликтери жана өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти.
Эске сала кетсек, «Лекарь» түйүнү Кыргызстан боюнча 80 аптека ачкан, анын ичинде 34 Бишкекте жайгашкан.