"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Меморандум: ФОД менен Талас шаары тыгыз кызматташат

25-апрелде BIO-KG органикалык кыймыл федерациясы менен Талас шаарынын мэриясынын ортосунда өз ара  кызматташуу Меморандумуна кол коюлду.

Тараптар органикалык азыктын калктын саламаттыгынын сак болушуна болгон зор таасирин белгилеп, Талас шаарында органикалык жана нукура азыктарды сатуу дукөнүн уюштуруу маселелерин талкуулашты.   

Органикалык аймактар ал дукөндү керектүү азыктар менен туруктуу камсыздап турууну макулдашты. Мындан тышкары мезгил-мезгили менен жармаңкелер уюштурулуп, шаар тургундарына сапаттуу таза азыктар тартууланат. Шаарды жашыл экономиканын принциптерине ылайык калыптандырып, өнүктүрүүгө аракеттер жумшалат. Шаардын жашыл чарба ишканасы биогумус өндүрүү жайын ачып, алынган биогумус шаарды жашылдандырууга жумшалат.