2022-жылдын 25-мартында Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө райондордун акимдеринин, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын, суу чарба башкармалыктарынын башчыларынын, райондук СПА (суу пайдалануучулар ассоциациялары) колдоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда ички чарбалык сугат суу системаларын башкарууну жана тейлөөнү жакшыртуу боюнча кабыл алынган мыйзамдарды талкуулоо максатында семинар өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүн BIO-KG органикалык кыймыл федерациясынын директору И. Айдаралиев алып барып, Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.Сапаров, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин бөлүм башчысы М. Токтобаев, “Хельветас” уюмунун сугат сууну башкаруу долбоорунун жетекчиси Ж. Абдыллаева катышты.