"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

ОКФ жыйын өткөрдү

Ушул жылдын 21-февралында “BIO-KG” органикалык кыймыл федерациясынын кызматкерлери менен Кыргыз-түрк “Манас” университетинин жамаатынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча мүмкүн болгон өз ара аракеттенишүүлөр, ошондой эле илимий изилдөө чөйрөсүндө келечектеги кызматташуунун стратегиялары талкууланды.