"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Органика – модабы?

Бүгүн, ар бир кадам сайын бизди сергек жашоо образы, биохакинг, жаңы диеталар, революциялык сулуулук каражаттары жана башкалар жөнүндө кеп кылган бренддер жана блоггерлер курчап турат. Бирок 50 жылдан ашуун убакыттан бери өнүгүп келе жаткан бир эл аралык кыймыл бар жана ал жөнүндө эң аз кыйкырык болгон сыяктуу сезилет. Бул кыймыл бардык башталыштардын негизи болуп саналат, ансыз ар кандай “ден соолук” диетасы өтө зыяндуу жана коркунучтуу болушу мүмкүн. Бул органикалык тамак-аш.

Эгерде 20-кылымдагы айыл чарбасынын өнүгүү тарыхына көз чаптырсак, органикалык модель өнөр жай-химиялык моделдин кеңири жайылышына жана тез өнүгүшүнө жооп катары пайда болгондугу айкын болот. “Кадимки” дегенден айырмаланып турган, алардын өндүрүш ыкмасын баса белгилөө үчүн органикалык продуктуларды өзүнчө категорияга бөлүп көрсөтүү зарыл.

Өндүрүшүндө бир гана органикалык ыкмалар жана технологиялар колдонулган, пестициддер, синтетикалык жер семирткичтер жана жасалма химиялык кошулмалар колдонулбаган продукцияларды гана органикалык деп атоого болот. Көптөгөн өлкөлөрдө органикалык өндүрүш жөнүндө мыйзамдар, улуттук стандарттар жана техникалык регламенттер бар, алар анын технологияларын жана ыкмаларын, натыйжада продукциянын сапатын катуу көзөмөлдөйт. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча, органикалык продуктулардын рыногу жыл сайын өсүп жатат, жана ошол эле учурда өндүрүүчүлөр иш жүзүндө анын жарнамасына акча коротушпайт. Маркетологдор кардарларга органикалык продукцияны таңуулабайт, миллиондогон адамдар аларды өздөрү тандашат, анткени алар өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугуна кам көрүшөт. Демек, бул органикалык азык жөн гана мода эмес, жашоонун философиясы экендигинин далили.

Жыл сайын органикалык азык-түлүккө суроо-талап өсүүдө. Биздин планетанын көпчүлүк адамдары экологиялык абалдын начарлашын кеп кылып келет. Айыл чарба  өндүрүшүндө органикалык ыкмаларды колдонуу планетабызды калыбына келтирүүгө жардам берет.

Бүгүнкү күндө “органикалык”-деген термин таза тамак-ашты мүнөздөгөн, башкача айтканда, айыл чарбасынын индустриалдык-химиялык моделинин алкагында өндүрүлбөгөн бирден-бир мыйзамдуу бекитилген термин.