"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Семинарга BIO-KG ОКФ катышты

2022-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында  ФАОнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан «Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба саясатын ишке ашырууга жана фермерлердин потенциалын жогорулатууга колдоо көрсөтүү» долбоору боюнча жыйынтыктоочу жыйын болуп өттү.

Жолугушуунун максаты органикалык айыл чарба тармагындагы иштердин жыйынтыктары жана негизги натыйжалары менен таанышуу жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы пландарды түзүү болду.

Жыйында катышуучулар органикалык мыйзамды ишке ашыруунун улуттук органикалык регламентин жана стандартын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ОАЧ чөйрөсүндө маалыматтык базаны түзүү жана рыноктун мүмкүнчүлүктөрү боюнча баяндамаларды угушту.

Иш-чарага KOICA, FAO, АЧМ, ОАЧД өкүлдөрү жана долбоордун башка колдоочулары катышты.

Катышуучулар аткарылып жаткан иштин актуалдуу экендигин белгилеп, бардык кызыкдар тараптар үчүн, өзгөчө дыйкандар жана органикалык продукцияны өндүрүүчүлөр үчүн пайдалуу деген жыйынтыкка келишти.