"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

«Сугат сууну натыйжалуу пайдалануу» аттуу тегерек стол өттү

Бишкекте, 8-апрелде, BIO-KG органикалык кыймыл федерациясынын катышуусу менен «Сугат сууну натыйжалуу пайдалануу жана суу сектор боюнча маселелерди мыйзам аркылуу көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору» аттуу тегерек стол өттү.

Ага айыл-чарба эксперттери, бейѳкмѳттүк уюмдардын өкүлдөрү, жарандык коомдун, агрардык платформанын, мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Ай          тылган иш-чаранын максаты сугат сууларын жана суу сектору боюнча мыйзам долбоорунун абалын жакшыртуу жана аны натыйжалуу пайдалануу маселелерин талкуулоо болду. Катышуучулар сугат суусун натыйжалуу пайдалануунун учурдагы проблемаларына баяндама жасашып, аны жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарды беришти.

BIO-KG федерациясынын аткаруучу директору И.Айдаралиев катышуучуларга демилгелүү тобунун акыркы жылдары жүргүзгөн иштери тууралуу презентация түрүндө кеңири маалымат берди.

Анын айтымында, демилгелүү топ бийликтин көңүлүн буруш үчүн өткөн 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарына 12 кат, КРнын президентине 22 кайрылуу жасаган. Анан тышкары ирригация тууралуу маселелер социалдык тармактарда талкууланып тураарын билдирди.

Тегерек столго жалпысынан 40 киши катышкан.