BIO-KG органикалык кыймыл федерациясы менен түзүлгөн Меморандумдун негизинде Билим окутуу борборунун директору Азамат Абдылдаев Талас областындагы Талды-Булак жана Көпүрө-Базар органикалык аймактарында кирешелүү тоок чарбасын уюштуруу жөнүндө маалымат семинарын өткөрдү.
Анда тоок багуунун шарттары, тооккана салуу жана балапан чыгаруучу инкубаторду иштетүү, каражат табуу үчүн бизнес долбоор даярдоо боюнча кеңири маалымат берилди. Жыйынтыгы менен кызыкдар үй-бүлө мүчөлөрү атайын окутуудан өтүшө тургандыктарын билдиришти.