"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Талды-Булакта «Ширге Жыяр» фестивалы өттү

21 августта «Талды-Булак» органикалык аймагында  “Ширге Жыяр” салттуу маданият фестивалы отту.  

«Ширге Жыяр» унутта калып бара жаткан улуттук салттарыбыздын бири. Бул салт боюнча жайлоодон кайтаар маалда элибиз жалпы чогулушуп, жыт чыгарып, жайлоонун берекеси үчүн ыраазычылык айтышып, кыштоого кѳчүп-конууну талкуулашып, кийинки жылы “Аман түгѳл келели”- деп бата кылышкан. Кымыз ичилип, сабаанын түбүн кырып, андан алынган кырындыны атайын идишке салып, аны “Кийинки жылы кѳрѳңгѳ болсун”-деп бир белгилүү жерди казып, кѳмүп коюшкан. “Мына ушул салт “Ширге Жыяр”-деп аталып калган.

Био-KG органикалык кыймыл Федерациясы бул фестивалды уюштуруу менен улуттук каада-салттарды тааныштыруу, кол ѳнѳрчүлүгүбүздү ѳнүктүрүү жана органикалык аймактардын дараметин кѳрсѳтүүнү  максатында уюштурулган.  

Аталган фестивалга Ысык-Кѳл, Нарын жана Чүй областтарындагы органикалык аймактардын ѳкүлдѳрү, Жалал-Абад областындагы Био-Сервис коомдук Фондунун ѳкүлдѳрү, массалык-маалымат каражаттарынын кызматкерлери, Талды-Булак жана Кѳпүрѳ-Базар органикалык аймактарынын фермерлери  катышышат.

Фестивалды ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ улуттук кол ѳнѳрчүлүк буюмдары, ѳндүрүлгѳн органикалык азыктардын кѳргѳзмѳсү уюштурулуп, улуттук салттарыбызды чагылдырган иш-чаралар ѳткѳрүлѳт. Таластык кол ѳнѳрчүлѳргѳ тиешелүү болгон  “Тордомо сайманы” даңазалоо максатында мастер-класстар  кѳрсѳтүлдү.