– Орозонун ичинде жупкага буйрутмалар кобойду, айыл ичинде «Нуржигит», «Айчурок», «Максат» деген дукондор менен иштешип жатабыз, – деди аймактын мобилизатору Асыл Иманалиева.
Асыл-эженин айтымында айыл ичинде кунуно 2-3 кг сатылса, алыскы Бишкектеги кардарлардан заказ келип, жалпысынан 10 кг сатылып жатат жана кишилер оздору уйго келип алып кетип жатышат.
Нандын бул түрү ден-соолукка пайдалуу экенин, улгайган кишилерге жана аш-казаны оорулуулардын тамак сиңиргенине жакшы экенин эстетти мобилизатор.
«Жупкалар колго жасалып, аны бышырганда жыгач отун колдонобуз, алган кишилер нандын сапатына ыраазы, андан тышкары көмөч-нан, каттама да жасап дүкөнгө тапшырабыз» – деди органикалык аймактын фермери. Дүкөндөр менен иштешүүлөр мындан ары жакшы жылып кетсе, цехти чонойтсо да болот деген үмүттөрү бар экенин да айтышты.