Үстүбүздөгү жылдын 19-январында Бишкек шаарында «Жашыл социалдык-экономикалык өнүгүү» деген темада тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага БУУнун системасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, БУУнун агенттиктеринин жетекчилери, кызыкдар тараптар жана “BIO-KG” органикалык кыймыл федерациясынын директору Айдаралив И.Р. катышты.
Катышуучулар Бириккен Улуттар Уюмунун 2023-2027-жылдарга Туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташуу багыттары менен таанышып, 2023-2024-жылдарга биргелешкен иш пландарын түзүштү. Программанын стратегиялык артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат: калктын сапаттуу социалдык кызматтарга бирдей жеткиликтүүлүгү, инклюзивдик жашыл социалдык-экономикалык өнүгүү жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерге жана коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү. Жыйынтыгында катышуучулар ортодогу жыйынтыктарды бекитишти жана мындан аркы аракеттер боюнча түшүндүрмөлөрдү алышты.