BIO-KG органикалык кыймыл Федерациясы тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун айыл чарба жана азык түлүк уюмунун (ФАО ООН) колдоосу менен 2022-жылдын 11-августунда Талас районундагы Кѳпүрѳ-Базар жана Талды-Булак айылдарында «Органикалык аймак жѳнүндѳ» Талас областтык семинары өткөрүлдү.
Аталган семинарга Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин органикалык айыл чарбасы департаментинин, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигинин биосфераны коргоо департаментинин, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин алдындагы долбоорлорду аткаруу бѳлүмүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун айыл чарба жана азык түлүк уюмунун өкүлдөрү, Бишкек шаарындагы Фрунзе соода түйүндөрүнүн, Эко-Ферма соода компаниясынын соода-сатык менеджерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас областындагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн айыл чарба бөлүмүнүн башчысы, областтагы 37 айыл өкмөтүнүн жер адистери, органикалык аймактардын фермерлери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Областтык семинардын максаты «Органикалык аймак моделин» Кѳпүрѳ-Базар жана Талды-Булак органикалык аймактарында аткарылган иштердин мисалында тааныштыруу болду.
Семинардын катышуучулары алгач баяндама түрүндө “Органикалык аймак жөнүндө” маалымат алышып, практикалык бөлүгүндө аткарылган иш-аракеттер менен жеринде таанышышты.
Областтык семинардын жүрүшүндө “Органикалык аймак модели жѳнүндѳ” BIO-KG органикалык кыймыл Федерациясынын органикалык айыл чарбасы боюнча Программалык координатору Майрамбек Боронбаев баяндама жасап, органикалык аймакты уюштуруу жол жоболору, анын алкагында аткарылуучу иш чаралар тууралуу кеӊири түшүндүрмө берди.
Федерациянын салттуу билимдер боюнча координатору Султан Сарыгулов “Органикалык аймактын биоартүрдүүлүк атласын түзүү жѳнүндѳ” жасаган баяндамасында органикалык аймактарда өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен тааныштырып, биоартүрдүүлүк атласын түзүүнүн максатын түшүндүрүп берди.
“Р. Айдаралиев айыл ѳкмѳтүнүн органикалык жол менен ѳнүгүү стратегиялык пландары жѳнүндѳ” айыл өкмөтүнүн башчысы М. Ниясалиев баяндама жасап, BIO-KG органикалык кыймыл Федерациясы менен болгон органикалык аймакты өнүктүрүү багытындагы өз ара кызматташуу маселелерине токтолуп, айыл өкмөтү өз өнүгүүсүндө органикалык жол менен өнүгүүнү тандап алгандыгын белгилеп, айылда дыйканчылык жана мал чарбасын, балык чарбасын органикалык негизде өнүктүрүү пландары менен тааныштырды.
Областтык семинардын практикалык бөлүгүндө семинардын катышуучулары Кѳпүрѳ-Базар органикалык аймагынын координатору Темир уулу Беккулдун органикалык аймакта аткарган иштери боюнча баяндамасын угушуп, айылдын уз чебери Жумалиева Мунаркан эже жетектеген жамааттын кол өнөрчүлүк иштери менен таанышышты.
Семинардын көрсөтмөлүү бөлүгүндө катышуучулар органикалык аймактын фермери Байматов Автандын участогунда болуп, Дары чѳптѳрдү ѳстүрүү, питомник чарбасын жана ѳсүмдүктѳрдүн кѳп түрдүүлүгүн уюштуруу, тамчылатып сугаруу системасын иштетүү, кургатуу жабдууларын пайдалануу, инкубатордо балапан чыгаруу багытындагы аракеттер менен таанышышты. Мындан тышкары айылдын фермери Алтымышов Каныбектин биогумус өндүрүү иштери боюнча көрсөтүлгөн иш чарага күбө болушуп, өндүрүлгөн органикалык азыктардан даам татышты.
Семинардын практикалык бөлүгү Талды-Булак органикалык аймагында уланып, семинардын катышуучулары органикалык фермер Дооткулов Кайчыбектин участогунда Улуттук баалуулуктарды, кол ѳнѳрчүлүктү ѳнүктүрүү, күнѳскана иштетүү жана питомник уюштуруу иштеринин абалы менен таанышышты. Мындан тышкары органикалык аймактын жамааты тарабынан Улуттук баалуулуктарды, кол ѳнѳрчүлүктү тааныштыруу максатында жайылган көргөзмөгө күбө болушту.
2022-жылдын 11-августунда Талас районундагы Кѳпүрѳ-Базар жана Талды-Булак айылдарында «Органикалык аймак жѳнүндѳ» өткөрүлгөн Талас областтык семинарынын жыйынтыктоочу бөлүгүндө болгон талкууда семинардын катышуучулары органикалык аймакта аткарылып жаткан иштерди жогору баалап, “Органикалык аймакты” Талас областы боюнча жайылтуу сунушун киргизишти. Талкуунун жыйынтыгы менен областтык жана райондук аткаруу бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Органикалык аймакты жайылтуу боюнча” атайын кайрылуу кабыл алуу чечимине келишти.