"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

ФОД биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча «Талды – Булакта» семинар өткөрүштү

10-11-декабрда Талас облусундагы «Талды-Булак» органикалык аймакта ПРООНдун ГЭФ ПМГ программасы тарабынан колдоого алынган «Жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу жана сактоо аркылуу жергиликтүү коомдоштуктардын саламаттыгын жана байгерчилигин арттыруу үчүн «Талды-Булак органикалык аймагынын ролун күчѳтүү жѳнүндѳ»  долбоорун аткаруу максатында Био-KG Органикалык Кыймыл Федерациясынын тренери тарабынан тѳмѳнкү темаларда 3 күндүк окутуу-тренингдери ѳткѳрүлдү. Алар:

– Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун мааниси жана ролу;

– Айыл чарбадагы жаратылышты үнөмдөөчү жана органикалык технологиялардын артыкчылыгы;

– Дени сак жашоо чөйрөсү – туруктуу иммунитеттин кепилдиги жана дени сак генофонддун сакталышынын кепилдиги.

Семинарлардын тренерлери – салттуу маданиятты өнүктүрүү боюнча координатор Султан Сарыгулов жана органикалык айыл чарба боюнча координатор Майрамбек Боронбаев болду.  

Окутууларга Талды-Булак органикалык аймагында жаңыдан уюшулган максаттуу топтун 32 мүчѳлѳрү, анын ичинен 28 аял жана 4 эркек адам катышты.