Био-KG органикалык кыймыл Федерациясы Сугат суу менен тейлөөнү жакшыртуу боюнча өткөрүлгөн Улуттук Конференцияда уюштурулган демилгелүү топтун курамында 2020-жылдын 23-декабрында Ош шаарында “Ички ирригация жана сугат суу маселелери” жөнүндө конференция өткөрдү.
Аталган конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Айнура Осмонова жана Улукбек Садыков, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Токтогазиев Тилек Мурсалиевич, Суу чарба агенттигинин, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын өкүлдөрү, айыл чарба кооперативдеринин жетекчилери, фермерлер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, эксперт-консультанттар катышты.
Конференциянын жүрүшүндө ички чарбалык сугат суу тутумдарын тейлөөнү жакшыртуу, бул багыттагы мамлекеттин ролу жана Мыйзамдык негиздер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Суу Пайдалануучулар Ассоциацияларынын өз ара аркеттенүүлөрү, сугат суу менен камсыздоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды.
Конференциянын жыйынтыгы менен катышуучулардын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Бийлик органдарына “Ички чарбалык сугат суу тутумдарын тейлөөнү жакшыртуу багытында мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун күчөтүү жөнүндө” резолюция кабыл алынды.