"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

ФОД Organic Expo — 2021 көргөзмө-жарманкесине катышты

Бишкекте 1-2-3-октябрда айыл чарба министрлигинин териториясында  Organic Expo– 2021 аттуу органикалык товарлардын көргөзмө-жарманкеси өттү.   

Масштабдуу көргөзмөнүн максаты кыргызстандык органикалык өндүрүүчүлөрдүн жана кайра иштетүүчүлөрдү бириктирүү жана келекке карай биргелешип жаңы стратегияны колго алуу.      

BIO-KG органикалык кыймыл федерациясы  көргөзмө-жарманкеге активдүү катышты –Жаңы-Жер органикалык аймактын продукциясы сатыкка чыгарылып, Федерация өзүнүн иш алпаруу жонундо маалыматтык стенд тургузуп, келген кардарлар менен бөлүшө алды.

Ал стенд бак-дарак түрүндө жасалып, ар бир аймактын продукциясын көрсөтө турган кылып даярдалган жана потенциалдык кардарларды тартуу максатында жасалган.

Жаңы-Жер органикалык аймагы (43 кесиптик лицей) жер-жемиштер, кондитердик продукция жана цехте даярдалган буюмдарды сатууга алып чыккан.

Андан тышкары арт-объект болуп эсептелген стендде сурамжылоо жүргүзө турган ыкмалар даярдалып, келген конокторго органика тууралуу блиц-суролоолор берилип жатты. Сурамжылоонун натыйжасында кардарлардын басымдуу бөлүгү органикалык жер-жемиш жана кайра иштетилген продукцияны алганга даяр экендигин билдирген, бирок алар кайда сатылап турганы жөнүндө маалыматы жок экенин айтышкан, ошол эле убакта органиканын баасы бир аз жогору болгонуна карабай алганга даяр жашоочулардын саныв аз эмес экендиги да билинди.