"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Эксперт Сапарбек Рамазанович Алымкулов мезгилсиз дуйнодон кайтты

BIO-KG Органикалык Кыймыл Федерациясы органикалык айыл-чарба боюнча эксперт  

Сапарбек Рамазанович Алымкуловдун дуйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу жакындарына терен кайгыруу менен көңүл айтат жана орду толгус жоготууну тең бөлүшөт.  

1960-жылы 30-июлда азыркы Ноокен районундагы Сакалды айылында туулган.

Октябрь кыштагыдагы A. С. Макаренко атындагы орто мектепти 1977-жылы ийгиликтүү аяктаган.

1977-1982-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда чет тилдер боюнча билим алган.

1982-жылдан Баткенде, Сузак районунун мектептеринде эмгектенип,

1991-жылдан мамлекеттик, туристтик, педагогикалык тармакта иштейт.

1995-жылдан чет өлкөлүк уюмдар менен кызматташып, Англияда, Америка Кошмо Штаттарында атайын курстардан окуп келген.

Билим алуусун улантып, экономикалык адистик боюнча Улуттук Университетти аяктаган.

Эл аралык органикалык кыймыл Федерациясынын (ИФОАМ) алдындагы Академиянын бүтүрүүчүсү.

Органикалык стандарттар, ИСО/ХАССП стандарттары, Фейртрейд стандарты боюнча адис.

Бир канча улуттук жана эл аралык денгээлдеги-Агрардык Платформа, Органикалык Кыймылфедерациясы,КМШөлкөлөрүн бириктирген ИФОАМ Евро-Азия сыяктуу уюмдарды түзүүгө катышкан.

2009-жылдан бери органикалык айыл чарбасын түптөө боюнча кызматтарды аркалап келет.

Айыл чарба министрлигинин, Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациянын Ардак Грамоталары, Федерациянын алкыш баракчалары менен сыйланган.

Эки уул, уч кыздын атасы.