Биоартүрдүүлүк жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин башкы адиси Абдрасулов Азаматта BIO-KG өткөргөн иш-чарасынан абдан жакшы таасирлер калды. Ал органикалык продукция биздин жашообузда зарыл нерсе деп эсептейт. Өкмөт тарабынан тийиштүү каржылоо менен “органикалык аймактын моделин” башка айылдарга да жайылтуу керек.
Абдрасулов Кубанычбек, айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн адиси, эки күндүк «Органикалык аймак модели» деген семинар жакшы деӊгээлде өттү, – деп эсептейт.
Анын айтымында, негизи, бул программаны мамлекеттик деӊгээлде колго алып, жайылтканыбыз туура болот. Себеби, Кыргызстан – агрардык өлкө, бирок бул органикалык продукцияга көп көӊүл бурбай жатабыз. Көпчүлүк учурда тилекке каршы, бизге продукция импорттолуп келет.
«Ошондуктан, бул программаны жайылтсак, элдин ден-соолугуна дагы, мамлекеттин экономикасына дагы жакшы өбөлгө түзөт экен», – деп жыйынтыктады Кубанычбек.
Темиралиева Нурайым, “Эко-Ферма” дыйкан фермердик чарбасынын долбоордук менеджери, BIO-KG ОКФ менен узак кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана органикалык аймактардын фермерлеринин продукциясынын сапатын жогору баалады. Нурайым туура тамактанып, аны кылдаттык менен көрө баштабасак, келечегибизге терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин белгиледи.
Ал биздин федерация менен мындан ары да кызматташуу ниетин билдирди, ошондой эле жакында фермерлерибизден органикалык продукцияны башка өлкөлөргө экспортко жөнөтүү пландары менен бөлүштү.