Форумга Айыл чарба министрлигинин, органикалык айыл чарба департаментинин, KOICA, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) жана башка өкүлдөр катышты.
Форумда катышуучулар Кыргызстандагы органикалык өндүрүштүн абалы жөнүндө өз пикирлерин билдиришти жана өнүгүү туруктуу экендигин белгилешти.
Форумдун максаты органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү прогрессти тактоо, көйгөйлөрдү аныктоо жана чечимдерди издөө үчүн органикалык айыл чарба секторуна тартылган бардык тараптардын, бизнес-коомдоштуктардын, мамлекеттик түзүмдөрдүн, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн пикирлерин кеңири алмашуу болду. Ошондой эле өлкөнүн жашоочуларын туура тамактанууга жана сергек жашоо образын жүргүзүүгө тартуу, өлкөнүн ичинде органикалык продукцияны өндүрүүнү өнүктүрүү жана аны жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоо негизги максаттардын бири болуп саналат.
Монголиянын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси мындан аркы кызматташууга жана экономикалык жактан бекемдөөгө үмүт артканын билдирди.
ФАОнун өкүлү Рахманова Динара Bio-KGнин иши жөнүндө жылуу айтып, органикалык аймактардагы иш-аракеттерибизди жогору баалады.
Биздин директор Искендербек Рысбекович форумдун катышуучуларына, өнөктөштөрүбүзгө жана кесиптештерибизге жемиштүү иши, чексиз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана федерациянын 10 жылдыгы менен куттуктады.
Ошондой эле форумда Кыргызстанда органикалык азыктардын сапатын жогорулатуу жана келечекте жакшы иштерди каалоо жөнүндө бир нече жолу сөз айтылды.