Кыргыз Республикасынын Айыл чарба,суу жана аймактарды онуктуруу министрлигинин 2021-жылдын 6-октябрында жарык коргон токтомуна ылайык, Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы № 43 кесиптик лицейдин директору Жусупова Бактыгүл Мусаевна «айыл чарбасынын отличниги» медалы менен сыйланды.
Сыйлыкты органикалык кыймыл федерациясынын BIO-KG директору Искендербек Айдаралиев тапшырды. Ал лицейдин Айыл чарба потенциалын эске алып, келечеги кең экенин белгиледи.
“Бул сыйлык жалаң мага эле таандык эмес, бул коллективдин жалпы жетишкендиги”, – деген создор менен Жусупова BIO-KG органикалык кыймыл Федерациясына аны жогорку сыйлыкка көрсөткөнү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыusy билдирди жана лицейдин органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы № 43 кесиптик лицей болочок агрардык кызматкерлердин биргелешкен аракеттери менен гана даярдабастан органикалык айыл-чарба жүргүзүү боюнча сабак берет.
Салтанаттуу иш-чаранын алдында лицейдин кызматкерлери ФОДдун кызматкерлерине экскурсияны уюштурушту, ал эми директор Жусупова мекеменин жетишкендиктери жана көйгөйлөрү тууралуу айтып берди. Аны менен катар тосуп алуучу тарап Федерация менен мындан да тыгыз иштешүүгө даяр экендигин билдирди, өзгөчө белгилеп тренингдерге, сыноо участокторго жана табигый жер семирткичтерди натыйжалуу өстүрүүгө басым жасалган.