"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

ОКФ жөнүндө

BIO-KG Органикалык Кыймыл Федерациясы

BIO-KG Органикалык Кыймыл Федерациясы 2012-жылдын октябрында органикалык айыл чарбасын жүргүзүүчү 14 коомдук уюм тарабынан уюштурулуп, негизги максаты – органикалык айыл чарбасын жүргүзүүчүлѳрдүн башын бириктирип, бул кыймылды Кыргызстанда жайылтуу,  биоартүрдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү, жашоо-тиричилик үчүн айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын өндүрүүгѳ шарт түзүү жана рынокко чыгаруу, ал аркылуу өлкө жарандарынын ден-соолугун жакшыртуу болуп аныкталган. Мындан тышкары органикалык айыл чарбасын ѳнүктүрүүгѳ шарт түзүү багытында  укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгып, Жогорку бийлик органдарына сунуштоо, иш-аракеттерди координациялоо, ѳндүрүлгѳн продукцияны жарнамалоо, органикалык сертификациядан ѳтүүгѳ даярдоо, Эл аралык аренада органикалык айыл чарбасы боюнча Кыргызстанды таанытуу, форумдарга, кѳргѳзмѳ-жарманкелерге Кыргызстандын органикалык азыктарын чыгаруу, бирдей стандарттарды иштеп чыгуу боюнча кызматташтык мамилелерди түзүү, экспортко чыгаруу үчүн чет мамлекеттердеги органикалык кыймылдар менен кызматташуу милдеттери кирген.

BIO-KG Органикалык Кыймыл Федерациясынын логотиби жана сатуу белгиси (Торговый знак)  иштелип чыгып, бекитилип, ага патент алынган. Ошондой эле сатыкка чыгаруучу органикалык продукцияларды биздин логону коюп сатуу тажрыйбасын киргизип жатабыз

Укуктук базаны чыңдоо

Био-KG органикалык кыймыл Федерациясы Кыргыз Республикасынын агрардык тармагын ѳнүктүрүүнүн алтернативдик жолу катары Органикалык айыл чарбасын сунуштап келүүдѳ. Бул сунуш Кыргыз Республикасынын Президентинин   2014-2017-жылдары Туруктуу ѳнүгүү Стратегиясына ѳзүнчѳ блок болуп кириши Кыргызстанда органикалык айыл чарбасын ѳнүктүрүүгѳ жагымдуу шарт түздү. Органикалык айыл чарбасына тийиштүү  маселелер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат комитетинин кеңейтилген отурумдарында каралып, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы инвестициялык Кеңешине мүчѳ болуп кабыл алындык.

Учурда “Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылга чейин туруктуу ѳнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясына” киргизүү үчүн  жумушчу топтун кароосуна айыл чарбасын ѳнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты катары органикалык айыл чарбасын сунуш кылдык. Бул багытта толук анализ кылуу менен органикалык айыл чарбасынын перспективасы, Кыргызстандын мүмкүнчүлүктѳрү тууралуу маалыматтарды бердик.

Органикалык айыл чарба ѳндүрүшүн ѳнүктүрүү максатында атайын улуттук “Аракет планы” иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги аркылуу Ѳкмѳттүн кароосуна бир нече жолу киргизилди. Бирок айрым иш-чараларды аткаруу үчүн каржы булактарын табуу маселелери Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги, экономика министрлиги тарабынан колдоого алынбай, Органикалык айыл чарба ѳндүрүшүн ѳнүктүрүү жѳнүндѳ улуттук “Аракет планы” бир нече кыскартууларга дуушар болуп, жыйынтыгында “Кыргыз Респудикасында органикалык айыл чарбасын ѳнүктүрүүнүн Концепциясы” болуп кабыл алынды. Бул документ бир канча кыскартууларга туш болгондуктан, органикалык айыл чарбасын ѳнүктүрүүгѳ кеңири шарт түзүп берүүгѳ дарамети жетишсиз болуп калды. Ошондуктан Органикалык айыл чарба ѳндүрүшүн ѳнүктүрүү жѳнүндѳ “Улуттук Аракет планын” кайрадан толуктап иштеп чыгып, Жогорку бийлик органдарынын кароосуна сунуштоону пландап жатабыз. Эгерде жаңы документ кабыл алынса, ал Республикада органикалык айыл чарбасын ѳнүктүрүүнүн Жол картасы болуп берет деген ишенимибиз зор.

Учурда “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жѳнүндѳ” Мыйзамынын долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеӊештин 3 жолку талкуусунан өтүп, кабыл алынды. Бул Мыйзамга Президент тарабынан кол коюлса,   ал Кыргызстанда органикалык айыл чарбасын ѳнүктүрүүнүн укуктук негизи болуп бермекчи.

Ѳлкѳбүздүн аймагына гендик жактан ѳзгѳртүлгѳн организмдерди (ГМО) киргизүүгѳ тыюу салуу боюнча Мыйзамдын долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеӊеш тарабынан 3 окууда теӊ бекитилип, Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна жиберилген. Мамлекетибиз Бажы союзуна киргендиктен, ал жерде ГМОго уруксат берилген чен болгондуктан, кол коюлбай турат. Бул маселени кайрадан кароого алып чыгабыз.

2018-жылдын 7-майында  Республикабыздын аймагында органикалык кыймылды ѳнүктүрүү багытында жүргүзүп жаткан иштерибизди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин кароосуна чыгарып, учурдагы абал жана негизги багыттарыбызды камтыган кеӊири маалымат бердик. Депутаттар тарабынан биздин жүргүзүп жаткан иштерибиз жогору бааланып, “Айыл чарбасынын артыкчылыктуу багыты катары – Органикалык айыл чарбасын ѳнүктүрүүгѳ” басым жасалып, атайын токтом менен бекитип беришти. 

Кыргыз Республикасында ушул мезгилге чейин органикалык айыл чарба азыктарын ѳндүрүү боюнча атайын бекитилген стандарты болбогон. Ошондуктан Био-KG органикалык кыймыл Федерациясы тарабынан “ИФОАМ-Глобал” Эл аралык органикалык кыймыл Федерациясынын уруксатын алууга жетишип, алардын стандартынын негизинде дыйканчылык жүргүзүү жана мал чарбасы боюнча органикалык азык ѳндүрүүнүн стандарттарын иштеп чыгып, аны жеке стандарт катары кабыл алып, колдонуп жатабыз. Учурда органикалык азыктарды кайра иштетүү, тангактоо, ташуу, сактоо жана маркировкалоо боюнча стандарттар иштелип жатат. Бул стандарттар иштелип кабыл алынса органикалык азык ѳндүрүү стандарттары толук иштелип бүткѳн болот.

Мамлекеттик-жеке ѳнѳктѳштүктѳ кызматташуу жѳнүндѳ

Мамлекеттик жеке ѳнѳктѳштүктүн алкагында Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги, Кыргыз улуттук агрардык университети, кесиптик билим берүү агенттиги жана Кыргыз Республикасынын бардык областтардагы ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү менен ѳз ара кызматташуу тууралуу Меморандумдарга кол коюшуп, органикалык айыл чарбасын жайылтуу багытында бирдиктүү иштерди жүргүзүп жатабыз.

BIO-KG органикалык кыймыл Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги менен бирдикте 2016-жылдын май айында “Органикалык айыл чарбасы жана анын мүмкүнчүлүктѳрү жѳнүндѳ” Республикалык семинары Жаңы-Жер органикалык аймагында ѳткѳрүлдү. Аталган семинарга республиканын бардык аймагынан ѳкүлдѳр катышып, органикалык азыкка сертификат алуу маселелери, биогазды колдонуу, биогумусту жана компостту даярдоо, тамчылатып сугаруу системасын жана күнѳскананы уюштуруу жѳнүндѳ кѳрсѳтмѳлүү практикалык иш-чаралар ѳткѳрүлдү. Семинарга биологиялык каражаттарды, жер семирткичтерди даярдоочу компаниялардын ѳкүлдѳрү катышып, ѳздѳрүнүн продукцияларын презентация кылышты. 2017-жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги тарабынан райондордо ѳткѳрүлгѳн маалыматтык семинарларга катышып, органикалык айыл чарбасы жана сертификаттоо маселелери тууралуу маалыматтарды бердик.

Мындан тышкары областтык аткаруу бийлик органдары менен түзүлгѳн Меморандумдардын негизинде донордук уюмдардын каржылоосу менен ар бир областта органикалык айыл чарбасы жѳнүндѳ маалыматтык семинарлар ѳткѳрүлдү. Бул иш-чараларга 7 облустун аймагында айыл чарба өндүрүүчүлөрү, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, фермер-дыйкандарыбыз катышып, 2000ге жакын фермерибизди окута алдык.

Ал эми Кыргыз улуттук агрардык университети жана  кесиптик билим берүү агенттигине органикалык айыл чарбасы тууралуу окуу курсун киргизүүнү сунуштап жатабыз.

Эл аралык уюмдар менен иштешүү

Органикалык айыл чарбасын жүргүзүү жана андан алынган продукцияны өндүрүмдүү сатып өткөрүү үчүн Эл аралык уюмдар менен кызматташууну улантуу негизги максатыбыз болуп калмакчы.  Учурда Био-Кейджи Федерациясы ИФОАМ-Глобал (Эл аралык органикалык кыймыл Федерациясы), ИФОАМ Азия, Тоо өнөктөштүгү альянсы уюмдарынын активдүү добушу бар мүчөсү болуп саналат.

2014-жылы ноябрь  айында Федерациянын демилгеси алдында  мурдагы Кѳз карандысыз мамлекеттер шериктешигине кирген 11 мамлекеттин (Россия, Украина, Белорусь, Молдова, Армения, Азербайджан, Грузия, Казакстан, Узбекистан, Таджикстан жана Кыргызстан) ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда ИФОАМ Евро-Азия уюмун түзгѳнбүз. Бул уюм жалпы КМШ мамлекеттеринин аймагында органикалык кыймылды ѳнүктүрүү, органикалык продукциянын бирдиктүү стандарттарын иштеп чыгуу багытын кѳздѳйт.

Ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, Монголия жана Азербайжан мамлекеттеринин ортосунда органикалык кыймылды мындан ары өнүктүрүү боюнча Регионалдык кызматташуунун Макулдашуусуна да кол коюлган.

Мындан тышкары Федерация Кыргыз Республикасынын соода-ѳнѳр жай палатасы, Кыргыз Республикасынын ѳнѳр жайчыларынын союзу, Граждандык Альянс, Азык түлүк коопсуздугу Платформасы бирикмелерине мүчѳ болуп кирип, активдүү кызматташып жатат.

BIO-KG Органикалык Кыймыл Федерациясынын уюштуруу иштери

2012-жылдан бери жыл сайын октябрь-ноябрь айларында  Кыргызстандагы органикалык айыл чарбасынын жетишкендиктерин даңазалоо жана жайылтуу максатында 3 жолу     Эл аралык Форумдарды уюштуруп, 2015-2016-жылдары   Органикалык фермерлердин жана нукура азык ѳндүрүүчүлѳрдүн 1-2-съезддерин ѳткѳрдүк. Ага улай эле жыл сайын кѳргѳзмѳ-жарманке уюштуруп, жалпы коомчулукка Кыргызстандын органикалык жана нукура азыктарынын кеңири потенциалга ээ экендигин далилдей алдык. Шаарыбыздын тургундары да бул иш-чарага кѳнүп, органикалык азыктардын кѳргѳзмѳ-жарманкесин күтүп башташканы элибиздин экологиялык таза азыкка болгон суроо-талабын билдирет.

Бул ѳткѳрүлгѳн иш-чаралар Эл аралык денгээлге чыгып, ага мурдагы СССРдин курамына кирген 11 мамлекеттин ѳкүлдѳрү, Федерациясы ИФОАМ-Глобал (Эл аралык органикалык кыймыл Федерациясы), ИФОАМ Азия уюмунун аткаруучу директору Дженнифер Чанг, Улуу Британиядагы Уэльс ханзадасынын кеӊешчиси Патрик Холден, биринчи органикалык мамлекет болуп таанылган Бутан королдугунун, Монголия мамлекетинин  расмий ѳкүлдѳрү катышып, Кыргызстанда  Органикалык кыймылды ѳнүктүрүү багытында аткарып жаткан иштерибизди   “Кыйла жетишкендиктерге ээ болупсуӊар”-деп баалап кетишти.

Органикалык кыймыл федерациясынын ѳкүлдѳрү Германияда БиоФах, Стамбулда Бүткүл дүйнѳлүк органикалык Конгресс, Италия Бүткүл дүйнѳлүк Терра Мадре кѳргѳзмѳсү, Бутан Эл аралык конференциясы, Индия, Түштүк Корея, Туркия, Кытай мамлекеттеринде ѳткѳрүлгѳн Эл аралык кѳргѳзмѳлѳргѳ жана конференцияларга катышты. Аталган иш-чараларда Кыргызстандын продукциялары чыгарылып, даамдык сапаты жагынан артыкчылыкка ээ болуп жатат. Ошондуктан кеңири ѳлчѳмдѳ экспортко чыгарууга талаптар бар. Алсак, Индия ѳлкѳсүнүн кардарлары кургатылган жемиш азыктарын, гречканы, балды, варенье алып келүүгѳ тапшырык беришкен. Бирок бизде тийиштүү сертификаттын жана жетиштүү кѳлѳмдүн жоктугунан экспортко чыгарууга мүмкүндүк болбой жатат.

Сертификат маселелери, 3-тараптын сертификациясы

Сертификациялоо дүйнѳлүк практикада ѳндүрүлгѳн продукциянын органикалык экендигин тастыктоо үчүн атайын Аккредитациядан ѳткѳн Эл аралык сертификациялоочу уюмдар тарабынан жүргүзүлѳт жана тѳмѳндѳгү этаптардын негизинде ишке ашырылат.

Ички көзөмөл системасы – органикалык фермерлердин чарбасында органикалык чарба жүргүзүүдө эл аралык стандарттардын талаптарын аткарылышын көзөмөлгө алат. Фермердик чарбаны эл аралык сертификациядан өтүүгө даярдайт.

Тышкы көзөмөл – эл аралык Сертификациялык агентствосу тарабынан келген инспекторлор тарабынан жүргүзүлѳт. Алар дыйкан чарбаларда органикалык продукцияны өндүрүүдө коюлган талаптардын аткарылышын текшерип, жыйынтыгында жерге жана анда өндүрүлгөн продукцияга органикалык сертификат берет.

Бул система биздин шартта чакан чарба жүргүзгѳн дыйкан-фермерлерибиз үчүн ѳтѳ оор. Себеби чет ѳлкѳлүк инспекторлордун келип, аудит кылышына жана тийиштүү сертификат алууга тѳлѳп бериш керек. Ал каражат күнүнѳ евро менен эсептелип, жыйынтыгы чакан дыйкан чарбасы ѳндүргѳн продукциясынын наркынан ашып түшѳт. Ошол эле мезгилде кагаз иштери кѳп, убакытты жана чыдамкайлуулукту талап кылат. Бул система кымбатка туруп, негизгиси базарга багытталат. Эгерде баа түшүп кетип, сатылбай калса, сертификацияга кеткен акча бекерге кеткен болот.  

Учурда Германия Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) каржылоосу аркылуу Жалал-Абад областындагы “Био фермер” айыл чарба кооперативи – биопахта үчүн, “Аксы био” кооперативи – кургатылган кара өрүк үчүн 3-тараптын сертификациясын алышкан. Маалыматка караганда ар бир кооперативге сертификат алуу үчүн 12000 евродон 20000 еврого чейинки каражат GIZ уюму тарабынан каржыланган.   Ал эми каражаттын тартыштыгынан Баткен областындагы “Алыш Дан” айыл чарба кооперативи – кургатылган ѳрүк үчүн, Ысык-Кѳл областындагы “Ысык-Кѳл органик” айыл чарба кооперативи – дары чѳптѳр үчүн сертификат ала албай калышты.

Сертификациялоонун дагы бир системасы – бул катышуу аркылуу кепилдик берүү системасы. Мында топтор, жамааттар бири-бирине кепилдик берип, ѳз ара кѳзѳмѳлдѳѳнү жана текшерүүнү жүргүзүү аркылуу чарбаны сертификатка даярдайт. Дүйнѳлүк практикада Индия жана Бразилия мамлекеттеринде бул система жакшы жолго коюлган жана жогорудагы системалардан айырмаланып, керектѳѳчүлѳр арасында зор ишенимге ээ болууда. Жамаатташып жашоо-шартын алып барган бир аймакта органикалык чарба жүргүзүп, катышуу аркылуу кепилдик берүү системасынын негизинде сертификациялоо мүмкүндүгүн колдонууга болот.

Органикалык аймак

Органикалык аймак бул BIO-KG органикалык кыймыл Федерациясы тарабынан иштелип чыгып, Концепциясы бекитилген атайын ѳнүгүү долбоору.  Биз бир айылдын чегинде органикалык аймак уюштуруп, аны комплекстүү ѳнүктүрүүгѳ аракет кылып, ѳзүнчѳ кыргыз модели катары сунуштап отурабыз. Органикалык аймак – бул тийиштүү аймакта  курчап турган чѳйрѳгѳ терс таасирин берүүчү каражат-заттарды айыл чарба иштеринде колдонбостон, органикалык ыкма менен азыктарды өндүрүү боюнча иш алып барып жаткан фермерлердин жалпы  демилгеси алдында түзүлгөн бирдиктүү аймак болуп эсептелет.

Бул жерде жалаӊ гана чарба жүргүзүү менен чектелбестен жан дүйнѳнү тазалоо, улуттук каада салтыбызды сактоо жана атадан-балага мурастап ѳткѳрүп берүү, улуттук кол ѳнѳрчүлүгүбүздүн уӊгусун жаштарга үйрѳтүү жана ѳркүндѳтүү багытындагы иштерди камтыганга аракет кылуудабыз.

2014-жылдан 2017-жылга чейин Талас областынын Талды-Булак жана Кѳпүрѳ-Базар айылдарында, Нарын областынын Орток жана Дѳбѳлү айыл аймактарында, Ысык-Кѳл областынын Күн-Чыгыш, Тосор, Теплоключенка, Арал, Темир айыл аймактарында жана Чүй областынын Жаӊы-Жер айыл аймагында органикалык аймактар уюштурулуп, иштеп жатат. Бул аймактар 22 айылды ѳзүнѳ камтып турат. Аймактардагы дыйкандарга органикалык чарба жүргүзүүнүн талаптарын үйрѳтүү менен сертификацияга жетишүү, бирдиктүү стандарттардын талаптарына жооп берген продукция ѳндүрүү негизги максатыбыз.

2015-жылдын ичинде органикалык аймактарда органиканын талаптарынын сакталышын текшерүү максатында жергиликтүү топтор уюштурулуп, алар катышуу аркылуу кепилдик берүү системасынын негизинде ѳз ара баалоону жүргүзүштү. Ошондой эле  атайын Сертификаттоо Кеңеши түзүлүп, ал Био-KG органикалык кыймыл Федерациясынын органикалык стандарттарына ылайык ѳлкѳбүздүн ички рыногу үчүн жарактуу болгон сертификаттарды бере баштады.

Натыйжада Сертификаттоо Кеӊеши жергиликтүү топтордун иш-аракеттерин талдап чыгып,    630 чарбага   тийиштүү статусун аныктаган сертификат берди. Органикалык айыл чарбасынын талаптарына ылайык чарба тазаланып, талаптар туура сакталса, 3 жылдан кийин чарба органикалык чарба статусуна ээ боло алат. Учурда жергиликтүү топтор жана органикалык аймактар тарабынан бул иш улантылып жатат.

Органикалык аймактарда Органикалык айыл чарбасынын талаптары жана эрежелери,  Органикалык аймактын Концепциясы, катышуу аркылуу кепилдик берүү системасынын негизинде сертификаттоону уюштуруу,  Үй шартында органикалык жер семирткичтерди, Биогумус жана компост даярдоо,  Өсүмдүктөрдүн илдеттерине жана зыянкечтерге каршы күрөшүүнүн ыкмалары, уруксат берилген каражаттар, маркетинг, рынокко даярдоо жана фермерлердин суроолору боюнча башка темадагы окуу-тренингдери жана практикалык кѳрсѳтмѳлүү иш-чаралар ѳткѳрүлүүдѳ.

Бул менен катар эле органикалык аймактарда кайра иштетүү, күнѳскана иштетүү, тамчылатып сугаруу, үрѳѳн базасын түзүү жана питомниктерди уюштуруу, кол ѳнѳрчүлүктү ѳнүктүрүү багыттары боюнча гранттык конкурс жарыяланып, анын жыйынтыгы менен ийгиликтүү жакталган долбоорлорго карата 6 күнѳскана, 4 тамчылатып сугаруу, 3 как кургатуу цехи ачылды. Ошондой эле мѳмѳ-жемиш кѳчѳттѳрүн даярдоо питомниги, 4 картошка үрѳѳндѳрүн, 1 чеснок үрѳѳндѳрүн даярдоо чарбалары уюштурулду.

Органикалык аймактарда ѳткѳрүлгѳн жолугушууларда айыл жашоочулары мал арасында жугуштуу ылаӊдар кѳбѳйүп жаткандыгын, аны тейлѳѳчү ветеринария кызматкерлеринин керектүү шаймандарынын дээрлик жоктугун айтышып, малды асылдандыруу иштерин уюштурууну суранышкан.

Ушуга байланыштуу ФСДС коомдук фондусунун кѳмѳгү алдында органикалык аймактардагы ветеринардык адистерге малдын жугуштуу дарттарынын алдын алуу жана дарылоо боюнча окутуу курсу ѳткѳрүлдү. Мындан тышкары 6 органикалык аймака (Ысык-Көл областынан Күн-Чыгыш,  Тосор,  Теплоключенка,  Арал,   Темир органикалык аймактарына жана Чүй областынын Сокулук районундагы Жаӊы-Жер органикалык аймагына)  жасалма жол менен уруктандыруу пунктун ачуу жана ишин уюштуруу үчүн тийиштүү жабдуулар 6 комплект, асыл тукум малдын 2000 доза уруктары жана 270 литр азот берилди.

Аймактарга таратылган асыл тукум малдын уруктары жана азот BIO-KG Органикалык кыймыл Федерациясы менен түзүлгѳн макулдашууга ылайык  “Элита” мамлекеттик ишканасы тарабынан берилип, Элита ишканасы ай сайын арыздаманын негизинде аймактарга урукту жана азотту жеткирип туруу милдетин алды. Ошондой эле долбоорго кирген органикалык аймактарда малды тейлѳѳ үчүн ветеринарлардын ишин жакшыртуу максатында алардын ѳтүнүчтѳрү боюнча чоӊ хирургиялык аспаптардын топтомдору жана массалык эмдѳѳ жүргүзүү аппараты вакцинатор-дозаторлор тапшырылды.

Мындан тышкары кол ѳнѳрчүлүктү ѳнүктүрүү үчүн жүн тытуу, кийиз бышыруу жабдуулары, кийим тигүү машиналары сатылып берилип, Кѳпүрѳ-Базар, Талды-Булак, Дѳбѳлү, Орток органикалык аймактарында уюшулган атайын жамааттар тарабынан продукциялар чыгарылууда.

Органикалык чарба жүргүзүү иштери менен жеринде таанышуу, бул багытта фермерлердин тажрыйба алмашуусун уюштуруу, жерди натыйжалуу иштетип, арбын киреше тапкан фермерлердин алгылыктуу аракетин жайылтуу максатында органикалык аймактарда    “Фермердин талаа күнү” семинардык иш-чаралары ѳткѳрүлүп, ал “Түшүм майрамы” менен коштолду. Аталган иш-чараларга органикалык фермерлер, айыл жашоочулары, жергиликтүү бийлик ѳкүлдѳрү катышып, алардын ѳз ара пикир-тажрыйба алмашуусуна, кѳйгѳйлүү маселелерин талкуулоого кеӊири аянт болуп берди. Мындан тышкары иш-чараларда айыл чарба азыктарынын жана кол ѳнѳрчүлүк буюмдарынын кѳргѳзмѳ-жарманкелери уюштурулуп, айыл жеринин потенциялын кѳрүүгѳ мүмкүндүк түзүлдү. Ар бир аймакта органикалык чарба жүргүзүүгѳ ѳткѳн фермерлерге статусун аныктаган сертификаттары салтанаттуу тапшырылып келүүдө.

Органикалык аймактарды даӊазалоо аркылуу туристтерди тартуу, улуттук каад-салтыбызды жайылтуу максатында Талас районундагы Талды-Булак жана Көпүрө-Базар органикалык аймактарында “Ширге Жыяр”, “Ак кайыӊ – Ата мурасым” фестивалдары өткөрүлүп, айыл элинин демилгелери менен уюштурулган бул фестивалдарда Кыргыз өзөгүн, улуттук баалуулуктарыбызды көрсөтө алдык.

Органикалык аймактарды таанытуу жана жайылтуу багытында жыл сайын органикалык фермерлердин съездин өткөрүп, анда фермерлер тарабынан көтөрүлгөн маселелерди Жогорку бийлик органдарына жеткирип, массалык-маалымат каражаттарын чагылдырып жатабыз. Аны менен катар эле жыл сайын күз айларында органикалык азыктардын  көргөзмө-жарманкеси уюштурулуп, аймактардан алып келинген таза азыктар шаардыктардын суроо-талабына ээ болуп, кызыгуунун күч алышы алгачкы жемишибиз болуп эсептелет. Шаардагы “Народный” соода түйүндөрү аймактар менен иштешүүгө кызыкдар болуп, сертификат алган дыйкандар менен узак мөөнөткө иштешүү тууралуу сунуштарын берип жатышат.

Биздин кѳз карашыбызда органикалык аймактын келечеги тѳмѳндѳгүдѳй болууга тийиш:

– Таза органикалык продукция ѳндүрүлгѳн органикалык аймак катары таанылат;

– Органикалык аймака кирген фермерлердин  катарын кѳбѳйтүп, «Органикалык фермерлердин бирикмеси»-деп ѳз алдынча уюм уюштурулууга тийиш. Ал  ѳзүнчѳ  статус алып каттоодон ѳткѳн, Уставы, башкаруу структурасы (Байкоо Кеӊеши, ревизиялык комиссиясы, аткаруу органы), мүчѳлүк акылары бекитилген болот. Мындай шартта ѳз алдынча уюм катары башка органдар, керектѳѳчүлѳр менен келишим түзүп иштѳѳгѳ, аймакты ѳнүктүрүү үчүн долбоордук сунуштама даярдап, каржы булагын тартууга кеӊири мүмкүндүк түзүлѳт;

–  аймакта  бренд катары таанылган продукцияны ѳндүрүүнү кѳбѳйтүү максатында фермерлердин кооперациясын уюштуруп, адистешкен айыл чарба кооперативин түптѳп чыгуу зарыл. Ошондо аймакта жери менен эмес, идеясы, ѳндүргѳн продукциясын сатыкка чыгаруу үчүн бириккен бир ири кооператив уюшулуп, органикалык аймака кирген фермерлердин продукциясын ири кѳлѳмдѳ сатыкка чыгаруу, керектѳѳчүлѳрдѳн заказдарды алуу мүмкүнчүлүгү түзүлѳт. Ошондой эле продукцияны кайра иштетүү маселесин чечип, кошумча пайда табылат.

– Аймактарда эко-, этно-, агротуризм тармагы өнүктүрүлүп, кошумча жумуш орундары камсыз болот.

Ошондой эле ата-бабаларыбыз тарабынан кылымдар бою сакталып келген, улуттук ар намысты бийик коюу, нарк-насилди сактоо, сөздүн кунун баалоо, улуудан кичүүгө болгон таалим-тарбия, «Улууга урмат, кичүүгө ызаат»-деген сый мамилени, ушак айтпа, уурулук кылба, бирөөгө кастык кылба, ыйманыӊды ыйык сакта, жети атаӊды бил, Ата тегиӊе айып сөз, каргыш тийгизбе»-деген коомду тарбиялоодогу жазылбаган эрежелерин эл арасында калыптандыруу иштери жүргүзүлөт.

Органикалык аймак долбоорун турмушка ашыруу үчүн Био-KG органикалык кыймыл Федерациясы атайын долбоорлорду даярдап, эл аралык донордук уюмдардын каржылоосу менен ишин жүргүзүп келе жатат. Ушул 5 жыл аралыгында Кристенсен фонду, ИККО Кооперейшен фонду, FSDS фонду, Агроэкология фонду уюмдарынын колдоосуна ээ болдук. Ошондой эле органикалык аймак уюшулган аймактарда айыл ѳкмѳт башчылары менен ѳз ара кызматташуу Меморандумдарын түзүп, анын негизинде биргелешип иштешип жатабыз.

2017-жылдын ичинде Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Жергетал айыл аймагында, Талас областынын Талас районундагы Кууганды айыл аймагында жана Бердике Баатыр айыл аймагынын Арашан айылында органикалык аймакты уюштуруу иштери жүргүзүлдү. Бул багытта атайын элдик жыйындар ѳткѳрүлүп, аймак уюштуруу маселеси жергиликтүү Кеңештердин сессияларында каралды.

Учурда Ош областындагы Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын фермерлеринен, Жалал-Абад областындагы Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын фермерлеринен, Нарын областынын Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл аймагынын ѳкүлдѳрүнѳн, Ак-Суу районундагы Шапак жана Сын-Таш айыл аймактарынын фермерлеринен «Биздин айылды да органикалык аймак катары уюштуруп, катарыңарга алгыла» – деген  ѳтүнүчтѳрү келип түшүп, каржы маселеси жетишпей жаткандыктан уюштуруу иштерин жүргүзѳ албай жатабыз.

Маалымат иштери

Органикалык айыл чарбасы боюнча бардык иш-аракеттер BIO-KG органикалык кыймыл Федерациясынын расмий сайтында жана фейсбук баракчаларында жарыяланып турат. Мындан тышкары  Республикалык Эркин-Тоо, Кыргыз Туусу, Слово Кыргызстана, Вечерний Бишкек, Айыл деми газеталарында Кыргызстандын аймагында органикалык кыймылды жайылтуу багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу кеӊири маалыматтар чагылдырылды. Ошондой эле 5 канал, Капитал KG, областтык телеберүүлѳрдѳ атайын чыгарылыштарда бар. https://www.youtube.com/channel/UCBjCk6EtHRb1mh_hfVSn_0g