"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

“BIO-KG” Кыргызстандын Органикалык Кыймыл Федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев: “Органикалык аймактар-Кыргызстандын айыл-чарбасынын бирден-бир негизги багыты”

“Кыргыз-Туу” гезитине маек

2019-жылдын 25-26-27-октябрь күндѳрү К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин аймагында Кыргызстанда чыгарылган органикалык жана нукура азыктардын, кол ѳнѳрчүлүк буюм-жасалгаларынын Көргөзмө-жарманкеси өткөрүлдү.

2019-жылдын 25-26-27-октябрь күндѳрү К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин аймагында Кыргызстанда чыгарылган органикалык жана нукура азыктардын, кол ѳнѳрчүлүк буюм-жасалгаларынын Көргөзмө-жарманкеси өткөрүлдү.

Аталган көргөзмө-жарманке бул мезгилге чейин жыл сайын берекелүү күз айларында өткөрүлүп келет. Органикалык аймактарда эмгектенген фермерлер шаарыбыздын тургундарына жана меймандарына тартуулаган нукура таза, эч кандай химикатсыз, коркунучсуз, кошулмасыз өндүрүлгөн азыктарын тартуулашып элибиздин ишенимине ээ болушту. Жыл сайын органикалык азыктардын Көргөзмө-жарманкесин күткөн кардарлардын көбөйүшү органикалык фермерлердин ишине дем берип, алган багыттарынын келечеги кенен экендигин тастыктоодо. Калкыбыздын органикалык азыкка болгон керектөөсүнүн өскөндүгү мунун далили болуп саналат.

Салт болуп калган органикалык жана нукура азыктардын сегизинчи Көргөзмө-жарманкеси Био-KG органикалык кыймыл Федерациясы тарабынан уюштуруулуп, ал Кыргыз Республикасынын айыл чарба, кайра иштетүү тамак аш жана мелиорация министрлигинин, Кристенсен фондунун, FSDS фондунун, Бириккен улуттур уюмунун азык түлүк жана айыл чарбасы Программасынын (ФАО ООН), Ага Хан фондунун, Кыргыз улуттук агрардык университетинин жана башкалардын колдоосу алдында өткөрүлдү. Кѳргѳзмѳ-жарманкеге Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарынан келишкен нукура жана органикалык азыктарды өндүрүп чыгаруучу  ѳндүрүүчүлѳр катышты. Жарманкедеги азыктардын негизги бѳлүгү органикалык аймактардан алып келинген таза жана сапаттуу азыктар, кол ѳнѳрчүлүк буюм-тайымдары болду.

“Био-KG” Кыргызстандын Органикалык Кыймыл Федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев: “Органикалык аймактар-Кыргызстандын айыл-чарбасынын бирден-бир негизги  багыты”

Ошол ары жоопкерчиликтүү, ары сыймыктуу иш-чараны уюштуруп, өткөрүүдө башынан аягына чейин жетекчилик кылган инсаныбыз, «Био-KG» Органикалык кыймыл Федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев менен болгон маегибизде Кыргызстандагы органикалык аймактарда өндүрүлгөн азыктар, алардын калк саламаттыгына тийгизген таасири, жарманкеге катышуу үчүн өтүнүшкөнү менен катыша албай калган фермерлер туурасында сөз болду.

-Ар жылы БИО КЖ Федерациясынын демилгеси менен күрдөөлдүү күз мезгилинде көргөзмө-жарманкени ийгиликтүү өткөрүп алуу салтка айланып калды. Быйылкы жылы мурдагы жылдарга салыштырмалуу кандай артыкчылыктары болду?

Үстүбүздөгү жылы бул салтка айланган саамалык көргөзмө-жарманкебизди  сегизинчи жолу өткөрүп алдык. Ар жылы күрдөөлдүү күз айларында  боло турган ушул жарманкеде органикалык азыктарды өндүрүүчүлөр  борбор калаабыздын жашоочуларына өздөрүнүн өндүргөн таза, сапаттуу азыктарын тартуулашат.    Күз мезгили жакындаганда айрым кардарлар  биздин Федерацияга   байланышка чыгышып, “Органикалык  азыктардын көргөзмө-жарманкесин качан өткөрөсүӊөр?”-деп сурашы бул багыттын акырындап болсо да ордунан жылып,  элибизде химикатсыз, таза-сапаттуу азык-түлүккө талап пайда болгонунан кабар берет. Ошондуктан атайын азыктарын артынып, алыстан келишкен фермер-өндүрүүчүлөрүбүз үчүн керектүү шарттарды камсыздоо жана кардарларыбыз үчүн ынгайлуулукту уюштуруп, көргөзмө-жарманкени жогору денгээлде даярдап өткөрүү чоӊ күчтү жана каражатты, бир катар уюштуруу иштерин талап кылат.

Мына ушул жагдайды туура түшүнүп, Эл аралык Кристенсен фонду, FSDS фонду, Бириккен улуттур уюмунун азык түлүк жана айыл чарбасы Программасы (ФАО ООН), Ага Хан фонду   колдоо көрсөтүп берди. Ал эми Кыргыз улуттук агрардык университетинин эмгек жамааты көргөзмө-жарманкени өткөрүү үчүн өз аймагынан атайын аянт бөлүп берип, уюштуруу иштерине зор колдоо көрсөттү. Учурдан пайдаланып, аталган университеттин ректору Рысбек Зарылдыкович баштаган жалпы эмгек жамаатына, донордук уюмдарга Био-KG органикалык кыймыл Федерациясынын жана  органикалык фермер-өндүрүүчүлөрүбүздүн  атынан чын дилден чыккан ыраазычылыкты билдирип, иштерине чоӊ ийгиликтерди, өсүп-өнүгүүнү каалайбыз!

Кѳргѳзмѳ-жарманкени уюштуруп-өткөрүүнүн максаты Кыргызстандагы органикалык айыл чарбасынын дараметин көрсөтүү жана өндүрүлгөн органикалык нукура азыктарды даӊазалоо, өндүрүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда байланыш түзүү болду. Аталган иш-чарага Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарынан келишкен нукура жана органикалык азыктарды  ѳндүрүүчүлѳр катышты, а  эң негизгиси жарманкедеги азыктардын негизги бѳлүгү органикалык аймактардан алып келинген таза жана сапаттуу азыктар, кол ѳнѳрчүлүк буюм-тайымдары болду. Мурдагы жарманкелерден айырмасы бул жолу азык-буюмдарын алып чыккан фермер-өндүрүүчүлөрдөн продукциясынын коопсуз, таза экендигин тастыктаган сертификаттар талап кылынып, андан кийин гана азык-буюмдарын сатыкка чыгарууга уруксат берилди. Ошондуктан тастыктоочу документтери жок айрым өндүрүүчүлөр жарманкеге катыша албай, капа болуп калышты.

Албетте, борбор шаарыбыздын калкы жана меймандары тарабынан органикалык көргөзмө-жарманке жакшы баага арзып,  андагы алып келинген таза айыл чарба азыктарын күткөн кардарлардын пайда болушу биздин органикалык фермерлерибизге шык берип, колдоо көрсөтөт.

-Искендербек Рысбекович, негизги продукция органикалык аймактардан алып келинди деп айттыӊыз. Органикалык аймактын кандай өзгөчөлүгү бар?

Жамаатташып жашоо-шартын жүргүзгѳн бир аймакта,  бир талаа келкисинде жайгашкан фермерлер бирин-бири кѳзѳмѳлдѳп, органикалык чарба жүргүзүшсѳ, ал аймакта катышуу аркылуу кепилдик берүү системасынын негизинде сертификаттоо мүмкүндүгүн колдонууга болот. Бул жаӊылык эмес, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө ушул ыкма колдонулуп, жергиликтүү, ички рынок үчүн ушул система боюнча сертификаттоо жүргүзүлөт. Ошондуктан биз бир айылдын чегинде органикалык аймак уюштуруп, аны комплекстүү ѳнүктүрүүгѳ аракет кылып, ѳзүнчѳ кыргыз модели катары сунуштап отурабыз. Бул жерде жалаӊ гана чарба жүргүзүү менен чектелбестен жан дүйнѳнү тазалоо, улуттук каада салтыбызды сактоо жана атадан-балага мурастап ѳткѳрүп берүү, улуттук кол ѳнѳрчүлүгүбүздүн уӊгусун жаштарга үйрѳтүү жана ѳркүндѳтүү багытындагы иштерди камтыганга аракет кылабыз.

Органикалык аймак – бул  органикалык айыл чарбасынын талаптарына ылайык азыктарды өндүрүү менен бирге Элдик маданиятты,  салттуу билимди, табигатты сактоо жана өнүктүрүү  багытында иш жүргүзүп  жаткан  фермерлердин   демилгеси алдында түзүлгөн бирдиктүү аймак болуп эсептелет.  Бул жерде бир айылдын, же жакын жайгашкан бир нече айылдын фермерлери ушул багытты туу тутуп, талаптарын туура сактап, бирдиктүү өнүгөбүз деген демилгелери алдында аймактар уюшулган.

 2013-жылдан тарта ушул  мезгилге Талас областынын Талды-Булак жана Кѳпүрѳ-Базар айылдарында, Нарын областынын Орток жана Дѳбѳлү айыл аймактарында, Ысык-Кѳл областынын Күн-Чыгыш, Тосор, Теплоключенка, Арал, Темир айыл аймактарында жана Чүй областынын Жаӊы-Жер айыл аймагында органикалык аймактар уюштурулуп, иштеп жатат. Бул аймактар 22 айылды ѳзүнѳ камтып турат. Аймактардагы дыйкандарга органикалык чарба жүргүзүүнүн талаптарын үйрѳтүү менен сертификацияга жетишүү, бирдиктүү стандарттардын талаптарына жооп берген продукция ѳндүрүү негизги максатыбыз.

Органикалык аймактарды уюштурууда жеринин, суусунун тазалыгы, химиялык жана башка булгануудан алыс тургандыгы, экологиялык абалынын таза сакталышы, ал жерде органикалык айыл чарбасын жүргүзүп кетүү мүмкүндүгү эске алынат. Талас областында Арашан, Кууганды органикалык аймактары, Жалал-Абад областында Жергетал органикалык аймагы жаӊы уюштурулду.  Албетте, учурда  Республикабыздын бардык тарабынан  «Биздин айылды да органикалык аймак катары уюштуруп, катарыңарга алгыла» – деген  ѳтүнүчтѳрүн билдирген   фермерлерибиз, жетекчилерибиз, инсандарыбыз көп.  Бирок жерине барып, фермерлерибизди органикалык айыл чарбасына окутуп-үйрөтүп, практикалык жардамдарды көрсөтүп туруу үчүн каржы талап кылынат, ушул жагынан аксап жатабыз. “Органикалык аймак бул элет жерин комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган келечектүү долбоор экен”-деп Эл аралык Кристенсен Фонду уюшулгандан бери колдоо көрсөтүп келе жатат. Ал эми башка донордук уюмдар кыска убакытты жана бир тармакты багытталган гана долбоорлорду колдоп, ал дагы негизинен окутуу жана кеӊеш берүү менен чектелүүдө. Узак мөөнөттү жана көп тармакты камтыган “Органикалык аймак” долбоорун колдоочу донордук уюмдар чыкпай жатат. 

-Көргөзмө-жарманкеде ошол аймактардан алып келинген продукциялар сатылдыбы? Элибиздин таза азыкка болгон талабы кандай болуп жатат?

         Бул жарманкеге органикалык аймактардан айыл чарба азыктарынын бардык түрлөрү жана кол өнөрчүлүк буюм-тайымдары алып келинди. Негизинен картошкадан башка азыктардын бардыгынын өтүшү жакшы болуп, базардагыдан бир аз жогору баада сата алышты. Эми барыбызга эле белгилүү, айыл чарба азыктарынын өтүшү базарда болгон баага, талапка карата көз каранды болот. Акыркы жылдардагы картошкага болгон баанын төмөндүгү бул багытта эмгектенген дыйкандарыбыздын мээнетин кайтарбай, чыгашалуу тармакка айлана баштады. Бул жарманкеде да картошкага көп суроо-талап болбой, алыскы аймактардан артынып келген фермерлерибиздин картошкалары өтпөй, жарым-жартылайы калып калды.

         Эми элибиздин таза азыкка болгон талабы жөнүндө айтсам, азыктын коопсуздугу мурдагыдан кыйла өсүп калыптыр. Аны жарманкенин жүрүшүндө айрым кардарларда өндүрүлгөн азыктагы нитраттын өлчөмүн аныктоочу жабдуулар пайда болуп, аймактардан алып келинген азыктарды текшерип көрүшкөндүгү далилдеп турат. Бул бизге да жакшы болду. Себеби, органикалык аймактардан алып келинген продукциялардын биринен да уруксат берилген ченден ашып кеткен учур болгон жок.  Ошондуктан, аймактардан келген продукциялар органикалык айыл чарбасынын талаптарына ылайык өндүрүлгөндүгүн, коопсуз экендигин далилдей алдык деп ойлойм. Мындан тышкары кардарлар “Азык кайда өндүрүлгөн, эмне менен азыктандырылган”- деп сурап, бийик тоолуу аймактардан келген продукцияга басым жасала баштагандыгына күбө болдук.

         Албетте, азыктагы нитраттын өлчөмүн текшерүү менен эле азыктын органикалык экендигин тастыктоо мүмкүн эмес. Ал үчүн органикалык айыл чарбасынын бардык талаптарын сактоо менен атайын сертификатка ээ болуу менен гана органикалык азык деп айта алабыз. Ошондуктан көргөзмө-жарманкеге катышуу үчүн тийиштүү сертификаттарды талап кылып жаткандыгыбыз мыйзам чечнемдүү көрүнүш деп ойлойм.

         Тилекке каршы элибиз органикалык азык деген сертификат менен гана тастыктала тургандыгын бардыгы биле беришпейт. Бүгүнкү күндө соода жайларына кирсеӊ “Био”, “Эко”, “Органик” продукты деп жазылып, сатылып жатат. Аны тастыктаган бир да сертификаты жок, бул жөн гана кардарды тартуу үчүн маркетингдик жүрүш болуп саналат. Ошондуктан элибиздин органикалык азык тууралуу маалыматын жогорулатуу багытында көбүрөөк иш алып баруубуз зарыл болуп жатат.

– Кийинки мезгилде туура тамактануу, ал үчүн көп түрдүүлүктү уюштуруу багытына көп көӊүл буруп жатасыздар. Анын себеби эмнеде?

         Адамдын турмуш-шарты, деги эле жашоосу анын ден соолугуна көз каранды. Ал эми ден соолук адамдын жагымдуу, пайдалуу азыктар менен азыктануусуна, айлана чөйрөсүнө жана экологиянын тазалыгына көз каранды. Химикатка чыланып өндүрүлгөн азык менен тамактансак, ал жок болуп кетпейт, биздин ички органдарыбызды жабыркатуу менен залалдуу оору-дарттарды пайда кылат. Учурда көрүп жатабыз, жаш балдарда аллергия көбөйүп, ички органдардын жабыркоосу, рак дартынын жашарышы, аз кандулуктун көбөйүшү  эмнеден кабар берип жатат? Анда биздин келечегибиз кандай болот? Ошондуктан органикалык чарба жүргүзүү менен айлана-чөйрөнү таза сактоо жана өнүктүрүү, коопсуз, сапаттуу органикалык азыктарды өндүрүү аркылуу келечек-муунга, улутубуздун генофондуна кам көрүү Био-KG органикалык кыймыл Федерациясынын негизги принциби болуп эсептелет.

         Туура тамактануу, ал үчүн көп түрдүүлүктү уюштуруу эмне үчүн керек? Керектүү азыкты башка жактан издебей, үй шартында өзүбүз эле даярдап алсак болот. А бизде кандай, күнүгө 3 маал чай жана нан, кечинде тамак. Бул адатты жашылча-жемиш менен, сүт азыктары менен байытууну ойлобойбуз. Айыл жеринде уй кармап, сүт саалган менен аны сүт алган жерге төгүп, чаканы жууп отуруп калышат. Сүт актап чай ичүү, балдарга каймак-быштак   берүү унутта калып баратат. Аны ордуна базардан кытайдын таттуусун, химикатка чыланган банан-мандаринин жана башкасын алып пайдаланабыз. Анын ордуна үй алдына чакан жерде сабиз, кызылча, чеснок, ашкабак, көк буурчак өстүрүүгө, аны менен үй бүлөнүн тамагын түркүндөштүрүүгө болбойбу? Мен бийик тоолуу, катаал деген аймактарды мисал кылдым. Ал эми башка аймактарда чакан-чакан кылып, бардык өсүмдүктүн түрүн эксе, үй оокатына пайдаланса болот го. Жерге түшкөн жемиштин  как кылып даярдап, чай ордуна компот кылсак, пайдасы кыйла артык болбойбу. Ошентип азыкты түркүндөштүрүү менен организмди керектүү витаминдер менен байытсак, денибиз сак болуп, дары-дармек алуудан алыс болуп, ага кеткен каражат башка пайдалуу ишке жумшалат эле.

         Мына ушул багытта   ийгиликтүү тажрыйбалар жөнүндө мисал келтирейин. Учурда өлкөбүздө «Тоолуу аймактарда азыктанууну жакшыртууга багытталган айыл чарбасы» долбоору иштеп жатат.   Аталган долбоорду Био-Сервис коомдук фонду жетектеп, Био-KG органикалык кыймыл Федерациясы – улуттук денгээлде, Жалал-Абад айылдык Кеӊеш кызматы – жергиликтүү денгээлде иш алып барышат. Долбоордун жалпы максаты – кызмат  көрсөтүүчүлөр түйүндөрүнүн көмөгү астында тоолуу аймактардагы калктын толук кандуу тамак-ашка карата болгон мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу үчүн жетиштүү азыктанууга багытталган мыкты айыл чарба практикаларын, инновациялык ыкмаларын өнүктүрүү жана жайылтуу болуп саналат. Ушул долбоорго ылайык айылдык кызмат көрсөтүүчүлөр жергиликтүү фермерлер менен бирдикте 24 чакан долбоор менен иштешип, ийгиликтүү тажрыйбаларга ээ болуу менен Кыргызстандын аймагында 7 класстердик багытты жайылтууну сунушташууда, алар:

– күнөсканаларда органикалык жашылчаларды өстүрүү;

– жашылча-жемиштерди кургатуу жана кайра иштетүү;

– багбанчылыкты жана көчөт өстүрүүнү өнүктүрүү

– сүт багытындагы эчкилерди багуу;

– тоок чарбасын жайылтуу;

– көлмөлөрдө балык өндүрүү;

– улуттук тамак-аштарды үй бүлөлүк рациондо кеӊири колдонуу.

Бул тажрыйбалардын ийгилиги чоӊ каражатты талап кылбастыгы, ар бир адамдын үй шартында жасай алуу мүмкүндүгү, үй бүлөдө түркүндөштүрүп тамактануу жолго коюлуп, кошумча кирешенин келиши болуп саналат. Дагы бир артыкчылыгы бул багытта аткарылып жаткан иштер maan.ifoam.bio. платформасында чагылдырылып, ал платформада ишин баштайбыз деген фермерлерге тийиштүү адистердин кеп-кеӊештери берилип турат.   Ал үчүн фермерлер платформага катталуусу керек.

Жакшы саамалыктарды Республиканын аймагында жайылтуу максатында Био-KG органикалык кыймыл Федерациясы үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н. Алимбеков баш болгон депутаттардын жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э. Чодуевдин катышуусунда семинар уюштуруп, ийгиликтүү тажрыйбаларды, органикалык айыл чарбасына өтүү ыкмаларын практикалык негизде көрсөтүп бердик. Натыйжада Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат Комитети “Дыйкан-фермерлерди жер-жерлерде органикалык айыл чарбасына окутуп-үйрөтүү максатында  ар бир областтын аймагында бирден кесипчилик-окуу жайларын даярдап, материалдык-техникалык базасын түзүп, атайын курстарды өткөрүү үчүн тийиштүү финансылык каражаттарды бөлүп берүү” жана “Тоолуу агроэкосистемаларда азыктанууну жакшыртуу долбоору боюнча  жетишилген ийгиликтүү тажрыйбаларды Республикабыздын аймагында кеӊири жайылтуу максатында уюштуруучулук жана финансылык колдоо көрсөтүү аркылуу областтык жана Республикалык көчмө Семинарларды өткөрүү” тууралуу атайын токтом кабыл алып берди.

Учурда кесиптик билим берүү агенттиги тарабынан ар бир областтан бирден кесипчилик окуу жайлары тандалып алынып, даярдоо иштери жүргүзүп жатышат. Ал эми көчмө практикалык семинарларды өткөрүү каржы маселесинен улам аткарылбай келүүдө.

-Искендербек Рысбекович, дүйнөдө органикалык айыл чарбасы биринчи орунга коюлуп, улуттук денгээлге чыгып жатат. Бизде ушул тармакты өнүктүрүп кетүүгө мүмкүнбү?

Кыргызстан ак карлуу аска-тоолору, көк кашка тунук суулары жана    салыштырмалуу жакшы сакталган табигый чөйрөсү менен экологиялык жактан таза продукция өндүрүү аркылуу өз ордун табууга толук артыкчылыгы бар мамлекет.    Мындай шартта  биз ѳндүрүлгѳн азыктардын даамдык сапаты жагынан   утушка ээ болгон, таза экологиялык продукция аркылуу гана Эл аралык рынокко чыга алабыз. Ошондуктан органикалык чарба жүргүзүп, элибизди таза экологиялык азык менен камсыздап жаткан фермер-ѳндүрүүчүлѳрүбүздү ар тараптуу колдоп, рынокко чыгаруу башкы максатыбыз болуп калууга тийиш. Кыргызстан ѳзүнүн экологиялык таза азыктары менен дүйнѳгѳ таанылып, ордун таап, органикалык азыктардын ѳлкѳсү брендине ээ болот деп ойлойбуз.

Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү өлкөбүздүн стратегиялык багыты катары аныкталып, Республикабыздын Жогорку Бийлик органдары тарабынан олуттуу көӊүл бурулуп жатышы Кыргызстандын келечектүү жемиши, жеӊиши деп айтсак жаӊылышпайбыз. Мамлекет башчыбыз Сооронбай Шарипович “Экологиялык таза азыктарды өндүрүү өлкөбүздүн башкы приоритети болуп калууга тийиш”-деп бул тармакка зор көӊүл буруп, өз көзөмөлдүгүнө алууда. Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасындагы Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынып, Президентибиз кол койду.  Бул Мыйзамга ылайык органикалык айыл чарбасын уюштуруу жол-жоболору такталып, чарба жүргүзүүчү фермер-өндүрүүчүлөргө мамлекетттик колдоо көрсөтүү чендери киргизилди.

Акыркы 2 жылдын ичинде “Органикалык айыл чарбасынын учурдагы абалы, мүмкүндүктөр жана келечеги” тууралуу маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү Комитетинин  жыйындарында 3 жолу каралып, Сокулук районундагы Жаӊы-Жер органикалык аймагында көчмө отурум да өткөрүлдү. Натыйжасы жаман болгон жок, биз депутаттарды бул тармактын келечектүү экендигине ынандыра алдык. Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү максатында Агрардык Саясат Комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бир катар милдеттерди аткарууну талап кылган токтом кабыл алып беришти. Мындан дагы негизгиси Жогорку Кеӊеш “Кыргыз Республикасынын аймагын 10 жылдын ичинде толук органикалык чарба жүргүзүүгө өткөрүү, ал үчүн этап-этабы менен аймактарга бөлүү аркылуу уюштуруу жөнүндө” токтомун кабыл алды.  Бул зор саясий, ошол эле мезгилде көп күч-аракетти жана уюштурууну талап кылган чечим.

Өкмөтүбүз тарабынан 2017-2022-жылдарда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүп кетүү үчүн Концепция кабыл алынып, анда бул багытта кандай ченемдик-укуктук актылар кабыл алынышы керек, кандай багыттагы аракеттер жана уюштуруу иштери жүргүзүлүшү керек экендиги так ченемдер менен жазылган. Концепция учурда Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө жол картасы сыяктуу кызмат кылып жатат. Мын ушул концепцияда органикалык айыл чарбасын республикабызда өнүктүрүү “Органикалык аймак” моделинин тажрыйбасын колдонуу аркылуу жүргүзүлүшү керек деп белгиленген.  Өкмөтүбүз өлкөбүздүн агрардык тармагын өнүктүрүүдө органикалык айыл чарбасынын ролу зор экендигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин алдында органикалык айыл чарба департаментин түздү.  Аталган департамент органикалык айыл чарба саясатын жүргүзүп, керектүү ченемдерди, мамлекеттик өнүктүрүү программаларын иштеп чыга турган, органикалык чарба жүргүзүүчүлөрдү колдой турган  мекеме болду. Учурда органикалык айыл чарба департаменти менен биргелешип иштеп жатабыз, ишибиздин алга жылып, ийгиликтерге ээ болуусуна жаңы өбөлгөлөр түзүлдү. Ошондуктан мамлекеттик уюмдар менен биз өңдөнгөн коомдук уюдар “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” биргелешип иштесек, жасаган аракеттерибиздин натыйжалары мол болот эле.

Мына ушинтип талаада эмгектенген дыйкан-фермерлерибизден, кайра иштетүүчү өндүрүүчүлөрүбүздөн  тартып, Республикабыздын Жогорку бийлик органдары тарабынан органикалык айыл чарбасынын колдоого алынып жатышы Кыргызстанды келечекте таза экологиялык продукциялардын өлкөсү катары дүйнөгө таанытууга чоӊ өбөлгө түзөт.

-Искендербек Рысбекович окурмандарга, эли-журтуӊузга болгон каалоо-тилегиӊиз.

Рахмат,   эли-журтубуз дайыма тынч, бактылуу турмушта болсун. Денибиз сак болуп, келечектүү бакыбат мамлекетибиз болсун. Эли таза, дени таза, келечек-мууну күчтүү, кайталангыс таза табигаты менен дүйнө элин суктанткан органикалык өлкөгө айланалы. 

Тээ эрте жаздан бери дыйкандарыбыз маңдай терлерин төгүп иштешти. Алар эмгектеринин акыбетин көрүп, кубанычтуу окуялар менен өмүр сүрүшсө экен.