Ички чарбалык ирригация системаларын тейлөөнү жөнгө салуу боюнча демилгелүү топ тарабынан сунушталган айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизуу жөнүндө Мыйзам долбоорлору Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынгандыгына байланыштуу, 2021-жылдын 16-ноябрында Жалал-Абад областынын, 17-ноябрда Ош областынын аткаруу бийлигинин, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын, сууну пайдалануу ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда конференция өткөрүлдү.
Анын жүрүшүндө мыйзамдардын кабыл алынышы менен кандай өзгөрүүлөр болот, айыл өкмөттөрүнүн ролу жана тариф саясаты тууралуу эксперттердин түшүндүрмөсү берилип, кеңири талкууга алынды.
Эске салсак, Био- KG органикалык кыймыл Федерациясы демилгелүү топтун активдүү мүчөсү катары Улуттук денгээлде жылдыруу милдетин аткарат.