BIO-KG Органикалык Кыймыл Федерациясы менен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын «Ат-Башы районунун аймагында органикалык айыл чарбасын жайылтуу жана органикалык аймактарды уюштуруу боюнча» өз ара кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Иш-чара 2021-жылынын 5-мартында өттү.
Документте Ат-Башы районунун аймагында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана биоартүрдүүлүктү көбөйтүү, алдынкы инновациялык ыкмаларды кылым сынагынан өткөн салттык ыкмалар менен айкалыштыруунун натыйжасында эффективдүү чарбачылыкты уюштуруу максатына жетүү үчүн биргелешкен кызматташтыктын жана өнөктөштүктүн алкагында чогуу иш алып баруу жөнүндө айтылат.
Кызматташуу жана органикалык айыл чарбаны жайылтуу максатында түзүлгөн меморандумуна Федерациянын аткаруучу директору Искендербек Айдаралиев менен Нарын областындагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын Нурбек Сатаров кол коюшту.