"BIO-KG" Органикалык кыймыл федерациясы

Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

BIO-KG менен «Эко Ферма» ишканасы кызматташуу меморандумуна кол коюшат

BIO-KG Органикалык Кыймыл Федерациясы менен Бишкек шаарынын карларларына белгилүү болгон «Эко Ферма» көп тармактуу баба-дыйкан чарбасынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлат. Эки тарап тең мындай чечимге бир нече ишке ашырылган долбоорлордон улам келген. Алардын бири «Эко Ферма» ишканасынын Ferma Market аттуу соода түйүнүнүн аймагында өткөрүлгөн күзгү жармаңке болду. Соода-сатыктын натыйжасында ФОД жетектеп келген бир нече органикалык аймактын продукциясы ийгиликтүү сатылган. Кардарлар жармаңкеде сатылган айрым продукцияларды жактырып органикалык аймактардан (Талды-Булак, Жаңы-Жер, Копуро-Базар) кайра буюртма кылып сатып алышкан. Алардын ичинен: чычырканак ашы, дары-чөптөр, сары-май, сабиз, капуста, брюква өзгөчө мааниге ээ болгон.    

«Эко Ферма» коп тармактуу ишканасы нукура таза, органикалык азык-тулук продукциясын сатуу менен шаардыктарга белгилуу болуп келет. Алар BIO-KG менен сүйлөшүүлөрдө органикалык азык-тулукторду жыл бою сатууга даяр болгондугун билдирген.  

Өнөктөштүк  мамилелерди орнотуу максатында бекитилген меморандум жарык көргөндөн кийин жогоруда айтылган шериктеш уюмдар тарабынан органикалык айыл чарба (ОСХ) продукциясын ички жана тышкы рыноктордо жайылтуу маселеси каралып баштайт.